super.kg logo

Өзбекстандын премьер-министри Сапар Исаковду өкмөт башчы болушу менен куттуктады

 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сапар Исаковду өкмөт башчы болушу менен куттуктады. Бул тууралуу кечээ, 28-августта Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

“Өзбекстанда сизди боордош эки өлкөнүн ортосундагы достук жана жакшы кошуналык мамилелерди бекемдөө жана ар тараптуу өнүктүрүүнүн активдүү колдоочусу катары жакшы билишет. Мен сиздин ишмердүүлүгүңүз мындан ары жогорку мамлекеттик кызматтарда биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенем”, - деп жазылат куттуктоо телеграммасында.

Эскерте кетсек, буга чейин Исаковду өкмөт башчы болушу менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев куттуктаган. Исаков жетектеген өкмөттү Жогорку Кеңештин депутаттары 25-августта 97 добуш менен шайлашкан. Жаңы өкмөттүн жетекчисин жана мүчөлөрүн кызматка дайындоо боюнча президент 26-августта буйруктарды чыгарган. Исаков буга чейин президенттик аппаратты жетектеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.08.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эки эле премьер-министр куттуктадыбы,биздикилер башка жактын премьер-министрлери алмашса боло элек куттуктап баштайтко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: