Франциянын биринчи канайымы Брижит Макрондун маеги чыккан "Elle" журналы сатуу боюнча рекорд койду



Франциянын жума сайын чыгуучу “Elle” журналынын жаңы санына аталган өлкөнүн президенти Эммануэл Макрондун жубайы Брижит Макрондун маеги жарык көрүп, журнал сатыгы боюнча рекорд койгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Тактап айтканда, журналдын жаңы саны 18-августта жарык көрүп, 27-августтагы эсептөө боюнча 530 миңден ашуун нускада сатылган. Бул жыйынтык журналдын соңку 10 жыл ичиндеги көрсөткүчүнөн бир топко жогору. Ал эми социалдык тармактарда болжол менен 30 миллиондон ашык каралган.
Биринчи айымдын маегинин негизги бөлүгү Эммануэл Макрондун коомчулук ичинде көптөгөн нааразычылык жараткан атайын "биринчи айымдын уставы" делген мыйзам киргизүү сунушунун негизинде жүргөн. Белгилей кетсек, президент биринчи канайымдарга мамлекеттик иштерге аралашууга уруксат бере турган атайын мыйзамды сунуштаган. Бул калктын нааразычылыгын жаратып, ага каршы 300 миңден ашуун кол чогултуунун жыйынтыгында аталган мыйзам ишке ашпай калган.
Ошондой эле жеке жашоосу тууралуу берилген суроолорго жооп берип, учурдагы жолдошу өзүнөн 24 жашка кичүү болгондуктан кызы менен тең жашта экенин айткан. Маек журналдын 10 барагын ээлеп, анда лединин атайын журнал үчүн түшкөн сүрөттөрү да жарыяланган.
