super.kg logo

2017-жылдын жаӊы окуу жылынан тарта 5-11-класстарга өтүлчү англис тили сабагынын сааттары көбөйтүлдү

 

Бүгүн, 29-августта билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана аталган тармактын кызматкерлери жаңы окуу жылына болгон даярдык тууралуу маалымат таратышты. Анда министрлик 2017-2018-окуу жылындагы жаңы багыттар менен иш алып барууга даярданып жатканы жана ал үчүн 5 жылдык "Жаңы доорго 40 кадам" программасы түзүлгөндүгү айтылды. Программанын негизги максаты - мектептердеги билим берүү тармагынын эски мазмунун жаңыртуу жана кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.

"Быйыл көбүнчө мектептеги билим берүүгө басым жасоодобуз. Өзгөчө окуучулардын чет тилдерин үйрөнүүсүн маанилүү деп таап, быйылкы жылдан тарта 5-класстан жогоркуларга англис тили сабагынын сааттарын көбөйттүк. Тактап айтканда, мурда бул сабак жумасына 2 гана жолу кирсе, эми 5 күн окутулат. Бул үчүн атайын жаңы окуу куралдары да даярдалган, алар сентябрь айынан тарта бардык мектептерге таратылмакчы", - дейт Гүлмира Кудайбердиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.08.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык биздин убакта бир эле жолу отулчу эле андада башталышы жана сабактын бутушу англисче болчу
29.08.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мектепти бутуп кеткеним жакшы болуптур. Жумасына 5саат болсо,анда укмуш эле эзилмек экенбиз. Бизде такыр англис тилине кызыкпачубуз. Бул ошол сабактан берген мугалимибизден болсо керек деп эсептейм. Китептен узуун бир текстти корсотуп,"жаттап келгиле"-деп койчу эле,же аны которуп,тушундуруп бербейт. Отличниктерден эле саналуусу эптеп айтып берчибиз,анда дагы акцент менен. Коздогонубуз эптеп чейрекке "5" чыгарып алыш эле. Мен бардык мугалимдерди жамандап,соз тийгизгеним жок. Ж
29.08.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мугалимдер дагы бар,аларга алкыш болсун. Айтайын дегеним,мугалимдердин да озунун ишине болгон жондомдуулугун,кызыгуусуна конул буруп коюшса. Айрыкча айыл жергесине. Антейин десен,кадр жетишпестик деген да маселе бар ээ. Эх.
29.08.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Информатика сабагы да кобойсо болмок, болгону 7-9 класстар окушат, анан 10-11 де олимпиадага катышат.
29.08.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуу планы кечигип зорго чыкты,чет тил китебинин эрте берилишине кумонум бар...
01.09.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5-класска 3 саат англис тилин кошуунун кереги деле жок болчу. Муктаждык керек болсо англис тилин үйрөнгүсү келгендер каалаган жерден курстарга барып үйрөнүп жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: