super.kg logo
  Спорт  

Мария Шарапова жеңиштен кийин: "Жалтыраган көйнөктүн артында күчтүү мүнөзгө ээ кыз турат. Ал эч кайда жоголбойт"

 

1 жылдан ашуун убакыт спорттон четтетилген орусиялык теннисчи Мария Шарапова "US Open" турниринин биринчи айлампасында дүйнөнүн экинчи ракеткасы румыниялык Симона Халепти 6:4, 4:6, 6:3 эсебинде жеңип алды. Ал өзүнүн жеңиши тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген:

"Чүчү кулак тартылгандан кийин мен алдыда боло турган оюн оор болорун билдим. Бул оюнга көп көңүл буруулар бар болчу. Турнирге чыгарда көп деле ойногон жокмун, андыктан жеңем деген ой жок болчу. Бирок мен жеңдим, муну менен сыймыктанам", - деген спортчу.

Мындан сырткары Мария бул оюнду чыдамсыздык менен күткөнүн, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр болгонуна карабай жеңишке жеткенин баса белгилеген.

"Бул жалтыраган көйнөктүн артында күчтүү мүнөзгө ээ кыз турат. Ал эч кайда жоголбойт. Азыр жеңишиме кубанып турам, бирок дагы да болсо алдыга умтулуум керек. Албетте, азыркы сезимдерди баалоо керек. Бул абдан маанилүү. Мен бул жеңишти кадыресе көрүнүш, деңгээл катары кабылдай албайм".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
29.08.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: