super.kg logo

Бишкекте 26 жаштагы келин эгиз төрөп каза болду. Жаӊы төрөгөн энени дарыгерлер карабай койгону айтылууда

 

Кечээ, 28-август күнү 26 жаштагы Мээрим Дайырбекова аттуу Чүй облусундагы Беловодск айылынын тургуну Бишкектеги №4-төрөт үйүндө эгиз уулдарды жарыкка алып келип, өзү каза болуп калды. Өзүн маркумдун сиӊдисимин деп тааныштырган Сезим Дайырбекова SUPER.KG'ге эжесинин каза болуп калышына дарыгерлердин кайдыгер мамилеси себеп болгонун айтууда. Анын пикиринде, Мээрим төрөгөндөн кийин бир күн бою кароосуз калган.

"Эжем "түнү менен ичим ооруп чыкты, балдар кыймылдабай жатат" деп тынчсыздангандыктан 27-август күнү эртең менен "Тез жардам" кызматы аркылуу №4-төрөт үйүнө алып барылган. Мурунку баласын да ошол төрөт үйүнөн кыйналып төрөгөн. Бирок ага карабай эгиз балдар болгондуктан ал жактын вакууму жакшы деп айла жок барган эле. Саат 10:30да эгиз уулдарды жарыкка алып келди. Бирок ошол күнү кечке кан басымы көтөрүлүп кыйналды. Ким билет, мүмкүн ичинде калган канды тазалабай же тон калып калган. Ооруган учурда дарыгерлерге айтса маани бербей коюшуптур.

28-августта эртең менен "аябай кыйналып жатам" дегенинен апам барган. Барса шайы кетип, баса албай калыптыр. Апам айткандан кийин операцияга алып киришип 5-6 саат дегенде чыгарышты. Ал ортодо чогулуш кылышыптыр. Ичин ачып алып эмне кылабыз деп отуруштубу, ким билет? Бирок наркозу тарабай жаткан. Анан дарыгерлер "кан алып келгиле" деп айтышканынан кан алып барып куйдурдук. Тилекке каршы, натыйжа болбой жатты.

Кечинде апам эжемдин бетин караса шишип, көгөрүп бараткан экен. Андан кийин түнкү саат 11:30да дарыгерлер келип 10-15 мүнөт жасалма дем алдырууга аракет кылышыптыр. Ага да болбой эжем каза болуп калды. Дарыгерлер убагында карап койсо өлбөй калмак", - деп мукактанды сиңдиси Сезим.

Сезим эгиз балдардын абалы жакшы экенин, алар учурда вакуумда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатканын кошумчалады. "Вакуумда жатышат, абалдары жакшы эле. Бирок бул экөөнөн сырткары эжемдин артында дагы бир 3 жаштагы уулу калды. Бул окуяны элге жеткирбей койсок деле болмок. Бирок эртең дагы башкалардын төрөттөн өлүп калышын каалабай айтып чыктык", - деди Сезим.

Бүгүн Мээрим Дайырбекованын өлүмүнүн себебин иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер күнөөлүүбү же жокпу, комиссиянын корутундусунан кийин белгилүү болот.

"28-август күнү түнкү саат 12ге жакын төрөттөн бир келин каза болгону боюнча факты катталды. Учурда комиссия түзүлүп, төрөткө тийиштүү бардык материалдарды карап жатышат. Дарыгерлер күнөөлүүбү же келиндин өзүнүн ден соолугунан улам болдубу, комиссиянын жыйынтыгында белгилүү болот. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз", - деди Айгерчинова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(28)
29.08.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Врачтарда айып жок каза болгон келин куноолуу (комиссиянын корутундусу)
29.08.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
nuriyaeljan,андай деп жыйтык чыгарбай туралы
Врачтар дагы бир нерсе деп жоп айтар
30.08.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuriyaeljan,Каза болгон келин куноолуу дегенди кайдан алдын кызыкэлесин го
30.08.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nuriyaeljan, төрөткөндөр тилемчидей болуп көрүндүк алгандан кийин карабай коюшса керекта же көрүндүк албай калышканбы...нагло сурашат БЕР деп
29.08.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эх аттин окунучтуу жайы бейиштен берсин урук тууганына терен конул айтабыз
29.08.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Дагы ушул 4-роддом эч чыры бутпойт бул роддомдун
29.08.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aitowa11,анткени кыргызстан боюнча оор торотторду ушул роддомго жиберишет да.
29.08.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Качан болсо ушул №4 төрөт үйүндө ушундай жаман кабар. Врач болдуңбу элдин ден соолугу менен ойношпо. Эгиздердин убалы кимге эми.
29.08.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Комиссиянын жыйынтыгы жинди адамга деле билинип турбайбы. Карга карганын козун чукубайт...
BekAmir түзөттү 2017-08-29 18:39:46
30.08.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
BekAmir,атайлап олуп калыптырбы
29.08.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Акчадан чонтогуно Салсан анан карашат бул акмактар, Эми келиндин ден соолугу начар деп корутунду чыгарып койушат
29.08.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жашырганда эмне,акча менен буткондор,же суйунчуну"жакшылап"бербей коюшкан.Ээх...Бейишин берсин,эмне демекпиз(((
29.08.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ekaterinburg,туура айтасын акча жок карабайт бирок
Озубуз жаман уйрконбуз акча берип закондошбой
29.08.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Карабайт булар аркасынан эрчитип жалдыратат ошону чондор караса
29.08.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акча берген мени карабай бир келип сурабай койгон врач.Бироо келип бир текшерип койду ичими басып болду.5000 мин сом+жардамчыларына 1500 бергенбиз
29.08.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчага деле карабайт азыр баары бош болуп калды иштерине так болбой.
29.08.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен аман эсен торогонумо суйунуп эле жатып калганмын.Башка балдарымын бешенесине бар болойун деп атып
29.08.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы бир олумбу жаш боюнча кеттиптирда байкуш балдарынын шооруда эми
29.08.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен 2 баламы ушул роддомдо торогом. Аябай жакшы карашкан,бир тыйын акча берген эмесмин. Торогондон кийин ыраазычылык деп врач мн акушерге жолдошум 500 сомдон берген. Тяжёлыйлар коп барган учун олум коп болсо керек
29.08.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен да 15 август куну тородум Жаратканга шугур эсен аман тородум.Мени да канын аз эгер бир нерсе болсом доом жок деп жазып бересин деп жатып торотушту.Ажал да наристелеринин дуйного келишин чыдамсыздык менен кутуп бирок ошол жакшы ниетине жетпей озу кете бергени окунучтуу.Периштелеринин жытын жыттай албай жаш кетти.Жайы жаннатта болуп ,артында калган балдарын Жараткан озу колдосун айла жоок.
29.08.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым Бейиштик Кылсын!Куноолуу эмеспиз деп,бирок куноолору бар болсо дарыгерлердин,билбейм,журоктору кантээр экен.
Менин шалаакылыгымдын айынан эки жаны ысыркай,3-жаштагы бала жетим калды деген ички сезим мн жашаган деле оор жаза болуш керек.
Билим алып,иштеп аткандан кийин ишине куйумдуу болуш керек да.
29.08.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушу тороткананы жакшылап текшерип жумушчуларын гонят этип коюшпайбы дайым суук кабар
29.08.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аттин жаман иш болуптур жайы жаннаттан болсун жакындарына сабыр берсин аллахым. Азыр бийлик бир колго топтолгон убагы эч кимден коркпой каалаган калчап жатышат сдпк нын бийлигин туп тамыры менен алмаштыруу керек бул менин жеке ойум.
29.08.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи ушул 4-торотканада ушуга окшогон окуялар коп катталат.
Бийлик буга коз жумбай текшериши шарт.
Тороткананын ичине камераларды орнотуу зарыл тез арада антпесе мындай окуялар азайбайт
29.08.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Врачтар ким акча берсе ошону карашат. Акчаң жок болсо өлүп кете бер. Ооруду десең чыда деп коёт. Эптеп кыйналып төрөгөн келинден анан акча талап кыла башташат, сүйүнчүсү кана деп. Кудум врач төрөп, келиндер сүйүнчү берчүдөй.
Кыргыздар бүт баарыбыз акчанын кулу болуп калдык. Милициясыбы, врачыбы, бийлигиби.. Коррупция эбегейсиз! Кызыгы жаш врачтар коррупцияга барышпайт экен. Көңүлдөн чыгарып берсең алат, бербесең картаңдарга окшоп келе дебейт. Бул аялымдын бир жума мурун башынан өткөн окуя
30.08.2017. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акча берип кутулуп кетишет. Болбосо канча өлүм болду толк чыкмак да
30.08.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен аман эсен торогом 4 род домдо.аябай жакшы караган.акча берген эмесмин.эч ким акча сураган эмес менден.14 кун жаттым.баары жакшы.ыраазымын даарыгерлерге
30.08.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайи жаннатан болсун,эч ким куноолу эмес.бул тагдырдын буйругу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: