"Манас оюндары-2017": Кыргыз күрөшү боюнча турнирде Бишкектин курама командасы биринчиликти алды



"Манас оюндары-2017" алкагында өтүп жаткан кыргыз күрөшү боюнча турнирде Бишкектин курама командасы биринчиликти алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
"Турнирде 9 командадан 54 оюнчу күч сынашты. Мелдештер 55 килограммдан 84 килограммга чейин жана 96 килограммдан өйдө 7 салмак категориясында өттү. Бишкектен чыккан спортчулар 4 алтын жана 2 коло медаль алышты. Борбор шаардын командасы мындай көрсөткүч менен командалык зачёттун жеңүүчүсү деп табылды", - деп айтылат маалыматта.
Экинчи орунга Талас облусунан келген команда 3 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль менен чыкса, үчүнчү орунду Жалал-Абад облусу камсыздаган.
Турнирдин жеңүүчүлөрү медаль, атайын диплом, сертификаттарга ээ болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.