"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: ӨКМ: "Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен жаранга куткаруучулар баргыча жергиликтүү тургундар тарабынан анын жансыз денеси суудан чыгарылган"

"Кечээ, 28-августта "Көгүлтүр Ысык-Көлдө" сууга чөгүп кеткен жаран тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар баргыча жергиликтүү тургундар тарабынан жансыз денеси суудан чыгарылып "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген. Каза болгон адам 1994-жылы туулган жаш жигит экени эле маалым", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен жаран тууралуу кабарды видеосу менен жиберген.
"15 мүнөттөн көп суудан таппай жаттык. Жарым саатка жакын сууда жатты. Эс алуучулар алгачкы жардам беришти, бирок ал көгөрүп, муздап калган болчу", - деп билдирген окурман.
Ысык-Көлдө спортчу сууга чөгүп каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
evra_kg

29.08.2017. 18:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уят эле канча деген туристер келет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.