super.kg logo

АКШнын мурдагы биринчи айымы Жаклин Кеннединин образын жараткан Ким Кардашьян: "Ооба, мен ырдабайм, бийлебейм, бирок жалкоо эмесмин"

 

Белгилүү америкалык модель, актриса Ким Кардашьян өзүнүн кызы Норд менен биргеликте АКШнын мурдагы биринчи айымы Жаклин Кеннединин образын жаратты. "Inteview Magazine" басылмасынын сентябрда жарык көрчү чыгарылышына Кардашьяндын бул образын белгилүү сүрөтчү Стивен Кляйн тарткан.

Моделдин бул образы мурдагы сүрөттөрүнөн кескин айырмаланып турат. Буга чейин күйөрмандары белгилүү моделди ачык, өзгөчө, дайыма көңүл чордонунда боло турчу кийимчен көрө алышса, бул ирет тележылдыз классикалык стилди карманган. Образда Жаклин Кеннедиге таандык бардык нерселерди көрсө болот, каре чач жасалгасынан тартып, бермет шуруларына чейин.

Ким Кардашьян сүрөттөрүн жеке блогуна жана социалдык баракчаларына жүктөгөн соң интернет колдонуучулар ар түрдүү сын айтышкан. Колдонуучулардын көбү актрисанын өӊү өтө эле кара болуп калганын, Жаклин Кеннеди эмгекти сүйгөн иштерман болгонун, ал эми Ким бекерчи экенин айтышкан. Бул сындарга тележылдыз мындай жооп узаткан:

"Силер мен жөнүндө каалаганыңарды айта бергиле, бирок мени бекерчи деп айта албайсыңар. Ооба, мен ырдабайм, бийлебейм, бирок жалкоо эмесмин".

Белгилүү болгондой, актрисанын күйөөсү америкалык рэпер жана дизайнер Канье Уэст 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтөрүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
30.08.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: