super.kg logo

Таласта сот экотехинспекциянын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына салган айыбын мыйзамсыз деп тапты

 

Талас облусунун райондор аралык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына салган айыбын мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбеков билдирди.

"Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция буга чейин айып салган эле. Ага макул болбой сотко кайрылгам. Бир нече жолу соттук отурум болуп Талас облусунун райондор аралык соту Экотехинспекциянын салган айыбын мыйзамсыз деп тапты. Эми мен соттун чечими менен салынган айыпты төлөбөймүн", - деп билдирди Дооронбеков.

Маалым болгондой, буга чейин Талас облустук Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлери Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына "мыйзамсыз иштерге барып жатат” деген кине менен 7500 сом айып салган, ага макул болбогон билим берүү бөлүмүнүн башчысы сотко арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: