super.kg logo

Бүгүн, 30-августта кыргыз-казак акындарынын эки күндүк айтышы башталат

 

Бүгүн, 30-августта Кыргыз улуттук филармониясында айтылуу төкмө акын Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак акындарынын эки күндүк айтышы башталат. 11-эл аралык айтышка кыргыз тараптан 8, казактардан 8 төкмө акын катышат.

20-августта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында тандоо туру өтүп, жыйынтыгында Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Болот Назаров, Жылдызбек Төрөканов, Идирис Айтбаев, Изат Айдаркулова, Кадырбек Бейшенов жана Асылбек Маратов казак акындары менен айтыша турган болгон.

Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун билдиргенине караганда, казактардан айтышка Айбек Калиев, Анар Жаппаркулова, Бөрүбай Орозумбетов, Жаркынбек Наушабеков, Сара Токтомушова, Рүстөм Кайыртай уулу, Мухтар Ниязов, Нурлубек Курманов өңдүү акындар катышышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.08.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишбек, Элмирбек, Аалы акындар жок айтышты коргун келбейт.
30.08.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kanat.tls, Ошолор тарбиялаган шакирттери да, жаштар да такшала берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: