ЖЫЛНААМА, 30-АВГУСТ: "Чоң шаардагы сүйүү" тасмасы аркылуу популярдуулукка жеткен актриса, ырчы Анастасия Задорожная 32 жашка толду





Сүйүктүүсү Сергей Славнов менен

Орусиялык белгилүү актриса, ырчы, модель, алпаруучу Анастасия Задорожная бүгүн, 30-августта 32 жашка толду. Ал бүгүн Инстаграмдагы баракчасына туулган күнүнө карата төмөндөгүдөй жарыя жазган.
"Өтүп бараткан жылга рахмат. Ал окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Бардык нерсеге жетишем деп шашып иш кылдым. Жаңы жылда мынчалык шашпай, жашоомдун ар бир көз ирмеминен ырахат алам деп сөз берем".
Актриса, ырчы 1985-жылы 30-августта Орусиянын Вытегра шаарында төрөлгөн. 1996-жылы балдардын "Непоседы" аттуу музыкалык тобуна кабыл алынып, чыгармачылык дүйнөсүнө кадам таштаган. 1999-жылы "Жөнөкөй чындыктар" ("Простые истины") сериалына тартылып, дебют жасаган.
Анастасия Задорожная "Чоң шаардагы сүйүү 1-2-3" ("Любовь в большом городе 1-2-3"), "Бирге бактылуу" ("Счастливы вместе"), "Бакыт клубу" ("Клуб счастья"), "Кылмыштын бети ачылат" ("Преступление будет раскрыто") жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү.
Жеке жашоосу
Маалыматтарга караганда, Настя Задорожная белгилүү фигурист Сергей Славнов менен кыз-жигит катары сүйлөшөт. Экөө 2008-жылы теледолбоорлордун бирине чогуу тартылып жатып таанышкан.
30-августка карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.