super.kg logo

ТИМ: "Эки кыз көп кабаттуу үйдөн секирип кеткен окуя Индонезияда болгон. Алар Кыргыз жарандары эмес"

 

Кечээ, 29-августта эки кыздын көп кабаттуу үйдүн балконунан секирип кеткени тууралуу видео интернетке тарап, кызуу талкууга түшкөн. Видеодо бир кыздын жерде жатканын, экинчиси боюн таштап жибергенин көрүүгө болот. Бирок айрым интернет колдонуучулар окуя Түркиянын Анкара шаарында болгонун, кыздар Кыргыз жараны экенин божомолдоп жатышкан. Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги окуяны тактоо үчүн чет өлкөдөгү 30дай шаарлардагы консулдуктарга кайрылып жооп алды. Министрликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева окуя Индонезияда мындан бир нече жума мурун болгонун, алар Кыргыз жарандары эместигин кабарлады.

"Видео менин колума тиери менен дүйнөнүн 30дай шаарларындагы консулдарыбызга тактоо үчүн кайрылдым. Алар түнү менен бул видеону өз өлкөлөрүндө талдап чыгышып, маалыматты тактап беришти. Видеодогу унаанын номуру Индонезияга таандык экендиги такталды. Андан соң бул видеодогу окуя Индонезияда бир нече жума мурун болгондугун жана анда 34 жана 28 жаштагы эже-сиңдилер кабаттуу үйдөн бойлорун таштагандыгы, ал кыздардын агасы бул кыздар 2006-жылдан бери психикалык жактан жабыр тартып жүргөнү тууралуу маалымдаган. Бул окуяны видеого тартып алган жарандар интернетке таратып, андан ары вирус катары тарап кеткен", - деди Кулукеева.

Андан сырткары ТИМдин өкүлү коомчулуктан мындай такталбаган маалыматтарга этияттык менен мамиле жасоону суранды. Анын пикиринде, балдары чет өлкөдө иштеп жүргөн ата-энелер ушул сыяктуу такталбаган маалыматтарды угуп алып тынчсызданышууда.
"Ушул окуядан улам жалпыга кайрылат элем, жөнөкөй жол менен алганда ар бир үчүнчү же төртүнчү үй-бүлөнүн мүчөсү алыскы өлкөдө иштеп, окуп, жашап жүрүшөт. Бул жактагы жакындары согуштан кат күткөндөй кулагын түрүп, амандыгын тилеп, Кудай деп жашап келишет. Ошондой учурда мындай такталбаган маалымат далай адамдын жүрөгүнүн үшүн алып, ден соолугуна зыяны тийиши да мүмкүн. Буга чейин дагы ушуга окшош эле маалыматты "Түркияда кыргыз кызын өлтүрүп кетти" деп канжалаган аялдын денесинин сүрөтүнүн жанына Түркияда жакшынакай эле иштеп жүргөн кыргыз кызыбыздын сүрөтүн коюп, коомчулукту дүрбөткөн. Ал кызыбыз Түркиядан байланышып жатып, бул маалыматты уккан ата-энесинин абалына тынчсызданып "укук коргоо органдарына кайрылам" дегенин да билесиздер. Акыр-аягы барып, маалыматты тараткан жаран "туура эмес маалымат тарап кетиптир, мага WhatsApp'тан келген" деп кечирим сурап тим болгон", - дейт Кулукеева.






2 кыз көп кабаттуу үйдөн секирип кетишти (Нерви жукаларга сунушталбайт)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
30.08.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын,сонку кабар окугандан да журок зырылдайт жаман кабар болбосунчу деп ,кунуно жок дегенле екиден жаман олум, житим кабар болуп калды .
30.08.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ошол мендагы индонезия деп ойлодум кытайдай болуп суйлоп жатышпадыбы анан интернеттен сразу номерди карадым ошондон сразу эле билдим ушул видеону кыргыз кыздары деп жоноткон адамды соттош керек билинип эле турбайбы жон эле элди дорбутуп ушундайлар кобойду кыргызга жамандык ойлогондор ошолорду кыргыз деп санабайм
30.08.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизди СМИ гезиттер Кыргыз кыздары деп элге кошулуп дурболон болордон мурун, бир аз оз алдынча текшерип анан жазышса болмок. Журналисттердин эн биринчи максатты ушакты айырмалай билишинде го дейм.
30.08.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Linkin.,Кошулам. Анан адамдар өлүп жатса эч ким жанына барган дагы жок . Биздикилер жардам беришмек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: