super.kg logo

"Дыйкан" базарынын соодагерлери: "Мындан ары базарды жапсаңар колуңарга өлүп беребиз"

 

Бишкекте бүгүн, 30-августта "Дыйкан" базарына барчу жолду ачууга чогулган соодагерлерге Ленин районунун администрациясынын өкүлү жолугуп митинг өткөрүүгө болбостугун айтып, тарап кетүүсүн талап кылды.

Ленин районунун администрациясынын өкүлү "Дыйкан" базары ачылды" деп илинген жазууну алып таштап, чогулгандарды тарап кетүүсүн айтты. Ага макул болбогон соодагерлер:

"Мындан ары базарды жапсаңар милициянын колуна өлүп беребиз. Анткени биз 4 айдан бери ишсиз калдык. Үйдө балдарыбыз ачка калды. Менин 14 балам бар. Керек болсо "Баатыр Эне" деген наамым, ал тургай майыптыгым бар", - деди нааразы болгон соодагер Шарипа Шыйбырова.

Учурда абалды көзөмөлгө алууга 10дон ашуун милиция кызматкерлери келишти.






"Дыйкан" базарынын соодагерлери базардын ачылышын талап кылышууда

"Дыйкан" базарынын соодагерлери нааразы болушууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: