super.kg logo

Актёр Аскат Сулайманов: "Жашоодо дагы аялзатына жакынмын, бирок кинодогудай эмес"

 

Бир нече мүнөттөрдөн кийин белгилүү актёр, "Дем" театрынын мүчөсү Аскат Сулаймановдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ырчыга сизди кызыктырган суроолорду берип, жооп алсаңыз болот.

Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген собол ээсине белек ыйгарылат. Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолоруңузга түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып же +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине билдирүү жөнөтүп жооп алсаңыздар болот.

15:00. Аскат Сулаймановдун SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталды. Ал жай мезгилин кантип өткөргөндүгү тууралуу айтып берип жатат.

15:05. Актёр алпаруучулардын "ойготуучу" суроолоруна жооп берип жатат. Окуучу кезинде геометрия, география, химия сабактарын начар окугандыгын айтты.

15:15. "Уул, кыздарым актёрлук чөйрөгө аралашпайбыз дешет" дейт актёр. Ал 11-классынан баштап мурутун өстүрө баштаганын, ушул убакытка чейин бир гана жолу маркум актёрдун образын жаратуу үчүн аны алып салганын айтты.

15:22. Суроо: Экинчи никеңизден балалуу болдуңузбу?

Жооп: "Кудай буюрса, 10 күндүн ичинде сүйүнчүлөйбүз".

15:25. "Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн кээде актёрлук чеберчиликти колдонууга туура келет", - дейт актёр.

15:31. "Европадагы өлкөлөргө көп бардым. Бирок эч бири биздин мекенге жетпейт. Кыргыз өлкөсүнүн абасы, чаңдаган жолу өзгөчө. Башка өлкөгө барганда бат эле өлкөнү сагынып, ал жактан тажап кетем", - деди Аскат Сулайманов.

15:36. Суроо: Кинодо кайсы жанрда ойногон жагат? Жашоодо дагы кинодогудай аялзатына жакынсызбы?

Жооп: "Мага трагедия жанрындагы кинолорго тартылган жагат. Жашоодо дагы аялзатына жакынмын, бирок кинодогудай эмес. Досторум, "подружкаларым" көп. Чынын айтыш керек, анча-мынча эркекке караганда аялзаты өтө бекем болот. Алар менен сырдашам. Аялзатына көӊүлүм жакын эмес, акылым, ички дүйнөм жакын".

"Колдон келишинче ажырашпаш керек. Ажырашканга жараша кайра мурунку адамга барбаш керек. Көп балалуу болгон жагат. Жакында алтынчы баламды күтүп жатабыз. Уулбу же кызбы, аны айтпай турайын. Кыргызды 7 миллион кылганга аракет кылам", - деди актёр.

15:45. "Биринчи жубайымдан 5 балама айлыгымдан 5 миң сом бөлүнүп турат. Балдарымды бөлүп-жармай жок. Быйыл Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып келдим", - деди ал.

15:56. Аскат Сулайманов күйөрманынын үнүнө карата айткан комплиментине мындай дейт:

"2007-жылы кырсыкка кабылып, 6 ай сүйлөй албай калгам. Чынында үнүм мындай эмес болчу. Кырсыктан кийин өзүмө келгенде ушундай үн чыккан. Ошондон бери үнүмдү бийик созуп ырдай албайм. Буга да Кудайга шүгүр", - деди .

16:02. Суроо: Атаңыз үчүн кандай уул боло алдыңыз?

Жооп: "Атамдан артык уул болдум деп президент дагы айта албайт. Атасы болбосо каяктан президент болмок эле. Кичинекей кезимде атасыз чоңоюп калдым. Бирок атам менен 2012-жылдан бери катышып келем. Атама тең уул дагы, кем уул дагы болушум мүмкүн".

16:07. "Экинчи жубайымдын жаккан жери - мен кеч келемби, эрте келемби, мени дайыма күлүп-жайнап тосуп алат. Мүнөзү жумшак, мени менен айтышпайт", - деди ал.

16:19. Аскат Сулаймановдун SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги аяктады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(19)
30.08.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Аскат байке. Уй булоонуз боюнча айтып бремени. Оштон куйорманыныз
30.08.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечикпей убагында келген адам болдубу туз эфирге.Аскат байкени да королучу,2 минута калды
30.08.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечикпей убагында келди,бааладым.
30.08.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртенки майрамыныз менен уйбулоонуз айтып беринизчи. Рахмаат
30.08.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таалантынызды баалайбыз уй булообуз менен. Уй булонуз ата энениз боюнча айтып берсениз
30.08.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аскат сен кыргыз эмессиң го.кечикпей убагында келгениңе караганда.кечикпей келгениң элди жана өзүңдү сыйлаганың.жоопкерчиликти сезгениң.молодец ишиңе ийгилик.
30.08.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolkun555,улуту ким?билсең жазда
30.08.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салам супер инфо салам Аскат байке
Кыргыз тасмаларында жараткан рольдорунуз мага жагат ишинизге ийгилик.
Сизге кайсы жанрдагы рольдорду аткарган жагат?
"Саратан" тасмасынан жардам сурап келген кемпирдин Мочо келинин кантип бат эле тарбиялап койгонсуз? тамаша
Жашоодо да аялзатына жакынсызбы кинодогудай?
30.08.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Аскат мырза кандайсыз сиз мага аябай жагасыз
30.08.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалоому алейкум Аскат!!!Сиздин актерлук чеберчилигинизге соз жок!
Дагы коптогон актерлорубуз бар,Курманжан датка киносундагы Алымбек датканын рольун аткарган актерлорубуз,иши кылса коп.
Бирок кыргыз киносунун сапатын,денгеелин томондоткон,кее бир актер актрисалар бар го,суйлосо жасалма,мына ошондой актерлорду,ошолор тартылган сапатсыз кинолорду контрольдогон бизде эч ким жокбу???Же Кыргызстанда актерду,клоунду,шерменделерди баарын бириктирип актер дейби???
30.08.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озбек орустардын жон эле бир кичинекей шаарынын жашоочулары ойноп эле тарткан кинолору жакшы чыгат а биздикилердикин корсон нерв болуп кетесин...Биздин алардан эмнебиз кем???
30.08.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озбек байыса уй салат
Кыргыз байыса катын алат дейт кирешениз жакшы боло баштаганда ажыраштысбы.?кийин ушул кылыгымды балдарым кайталабайбы деп коркбойсбу
30.08.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асхат байке саламатсызбы. Балдарынызды мектепке даярдынызбы? Канча акча короттунуз? Бала чагынызды эстеп айтып беринизчи
30.08.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Janylai2012 негизи бироону ажыраштын деп тескей албайбыз бирок чындыкты тике жазып коюпсун тууганым
TazaKyrgyz түзөттү 2017-08-30 20:49:26
30.08.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер туз эфирге суроону кантип берсе болот жооп кутом
30.08.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uzakova.Z.A, саламатсызбы! Суроолоруңузду ушул жерге калтырсаңыз болот.
Жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
30.08.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош келиңиз Аскат мырза. Сизди көпчүлүк эл Президент жана Бомж киносунан тааныйт. Айтсаңыз, жашоодо чынында эле киного окшоп капыстан президент болуп калсаңыз, көзгө басаар кандай кадам жасайт элеңиз? Азыркы президенттикке талапкерлердин эң биринчи душманы эмне же ким?
TIMON_BERKOWITZ түзөттү 2017-08-30 16:13:39
30.08.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кечиресиздер,дагы бир суроом;Азыр эле фейсбуктан бир Шайыр деген эженин "орус киносуна тартылам деген,жашы 25 -35 ке чейинки кыз келиндер,ватсапиан ушул номерге уч торт суротунорду жоноткуло деген постун окудум...Ащыр эле айттыныз,кыргыздарда да талап кучоп,жакшы кинолор тартыла баштады деп.А орустарда болсо бул денгеел ото жогору.Эми ошол киноно тартылабыз деген кыз келиндерибиздин келечеги (мисалы соз бар,шопурду эрим дебе,актрисаны аялым дебе деген) эмне болот?
30.08.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскат байке чынын айтканда деген созду коп суйлойт экенсиз,чынчыл адам окшойсуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: