Шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Бишкек шаардык кеңеши жаш актёр Азамат Улановду сыйлады





Бишкек шаардык кеңеши өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардын социалдык жана экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон 29 адамды сыйлады. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматынан кабарланды.
Маалыматка ылайык, Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата шаардын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн милиция кызматкерлери, медицина кызматкерлери, мугалимдер, маданият тармагынын өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлер сыйланышты.
"Сыйлыкка татыгандардын ичинен 11 адамга ыраазычылык кат, 18 адамга Ардак грамоталар тапшырылды. Сыйлануучулардын арасында жаш актёр, 11-класстын окуучусу Азамат Уланов да бар", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.