super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жашоо керемет" деген корей дорамасын көрүп 10 литрдей жаш төксөм керек"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Анёң! Корей дорамалары жана кинолорун талкуулайбыз" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ар бир өлкөнүн кинолорунун өз жанры, өз багыты болобу, айтор Кореянын кинолору көбүнчө сүйүү, романтика жагын көп көрсөтөт. Ошол үчүн кыздар бул кинолорду жата калып көрөт. Боевиктен, триллерден тажаганда балдар деле көрүп калабыз. Кытайлар менен корейлердин кинотасмаларынын бир жакшы жери "18+" көрсөтүлбөйт. Голливуд тасмаларында кичине бир себеп болсо эле керебетти көздөй жөнөшөт, эй. Корей кинолорундагы актёрлер, мисалы, студенттер өтө эле ак көңүл, өтө эле ишенчээктей сезиле берет. Мен эстегендерден "Менин кичинекей келиним" сонун кино".

"Бул кинолордун эң жакшы жери "минимум пошлости". Кыздары кыска этек, ачык кофта кийишпейт, макияждары да өтө жалтырак эмес. Анан жанагыдай "ысык" мамилелер такыр жок".

"Мен буга чейин корей сериалдарына көп деле кызыкчу эмес элем. Кечээ түнү "Сүйүү күчүн" көрүп алып аябай жакты. Жүрөктү аябай оорутуп ыйлатат экен. Иши кылып ыйлап дагы, сүйүнүп дагы жатып таңкы саат 7ге чейин көрдүм. Сыягы катуу жүрөгүмө алып алган окшойм, түшүмдө Ким Покуга (Би ) самса сатып берип эле кыйналып жаттым. Бүгүн сүйүү жөнүндө ойлонуп бир кызыктай эле болуп жүрөм".

"Жашоо керемет" деген дораманы көрүп мен да 10 литрдей жаш төксөм керек. Өтө жакшы көрөм, комедия да, драма, айтор баары бар".

"Корей тасмаларынан мага "Кыш сонатасы", "Калбим чечаги" (өзбекчесин көргөм) абдан жагат. Калган азыркы берип жаткандары көп таасир калтыра элек. Апам мурун ушул кинону көр деп жетелеп келип көрсөтчү. Анткени кинолорунун тарбиялык мааниси чоң. Апам ушулардан сабак ал деп эле жүрөт. Чындыгында анча-мынча америкалык бири-бирин өлтүргөн кинолорго караганда бир топ өйдө болот".

Кызыктуу окуялар менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.08.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дорама
30.08.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RusMos76, Дорама (яп. テレビドラマ тэрэби дорама, от англ. drama) — японские телесериалы. На японских телеканалах являются одними из самых рейтинговых передач. Несмотря на название, дорамы выпускаются в различных жанрах — комедия, детективы, ужасы и т.
30.08.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашо керемет деген сериалдын орусча аталышы кандай экен? Билгендер жазып койсонор
30.08.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эта удивительная жизнь"
23.10.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тайваньский "Волны жизни" деген кино жакшы экен. Корей кинолорун коп коруп журом, аябай жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: