super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: Жүргүнчүлөрдү акча төлөбөгөнү үчүн зелёнкага бетин жуунткан таксистти жазалашты

 

"МЕДИА-ПОРТАЛдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Жүргүнчүлөргө зелёнка чачкан таксистти жазалашты" деген видео жүктөлдү (ник: Cinderella).

Видеодо белгисиз жарандар унаанын жанында бир адамды зелёнка менен бетин жууганга мажбурлап жатканын көрүүгө болот. Видео Орусиянын Хабаровск шаарында тартылган.

Окуянын төркүнү 28-августка барып такалат. Бул күнү Орусиянын Хабаровск шаарында такси кызматын көрсөтүп иштеген жаран 2 аял кишини болжогон жерине жеткирип, кардарлардын акчасы жок болгондугуна байланыштуу, ордуна беттерин зелёнка менен жууну сунуштаган. Видеодо кыздар алаканына куюлган жашыл зат менен беттерин жууп, бири ыйлап, акчасы жок экендигин түшүндүрүшкөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле жергиликтүү маалымат каражаттары аталган таксистти жана окуяга катыштыгы бар адамдарды полиция издеп жатканын маалымдашкан.

Ал эми бүгүн интернетке жарыяланган видеодо болсо, тескерисинче, эки аял кишини шакаба чегип шылдыңдады делген таксистти жергиликтүү тургундар кармап алып, зелёнкага жуунтушкан.

РИА Новости басылмасы Орусия ИИМине шилтеме берип, таксист укук коргоо органдарына өзү барганын жана түшүнүк кат жазып бергенин жарыялады. Ал түшүнүк катында "Мен кардарларымды мажбурлап жашыл затка жуунткан эмесмин. Алар такси кызматын пайдаланышкан соң акчалары жок экенин айтышты. Мен жөн гана анда зелёнка менен жуунгула деп сунуштап койгом, алар болсо макул болушту", - деп жазат.

Эки кыздын жүзүн булгаган таксист жумушсуз жана унааны ижарага алып убактылуу такси кызматын көрсөтүп жүргөн жаран болгон. Видеону көрүү үчүн шилтеме аркылуу МЕДИА-ПОРТАЛ бөлүмүнө өтүңүз.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы февраль айында Казакстандын Костанай шаарында таксист кызматы үчүн акча бербей койгон жүргүнчүнү зелёнка менен жуундуруп мазактаган видеосу тарап, коомчулукта талкууга алынган.

Маалымат үчүн: Зелёнка - коомчулукка кеңири тараган аталыш. Илимий аталышы - бриллианттуу жашыл, тетраэтил. Медицинада кеңири колдонулган зат. Ал ачык жаракаттарды айыктырууда жана жаракаттардын ырбап кетишин алдын алууда пайдаланылат. Эгер зат көзгө көп көлөмдө кирип кетсе, көрүүнү начарлатып, чел кабыкты жабыркатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
30.08.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акчасы жок болсо таксиге эмне чыгат,
30.08.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Красавица кылып боёп койдуго)
31.08.2017. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таксист балдарын ошол жумуш менен бакса, жетчуу жерине жетип алып акчам жок десе баарын еле жаны чыкмак. Башында еле тушундуруп айтса таксит да адам ун чыкпай еле жеткирип коймок, же башкасы менен суйлош демек.
Таксист красава
31.08.2017. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгаша чыкпаса киреше киреби.Акчасы жок болсо деле бир жолу бекер жеткирип койсо болбойт беле.?Акыбалы ошол экенго арбайып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: