super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-АВГУСТ: Куудул Күмөндөр Абылов туулган күнүндө кыргыз-казак айтышында калыстык кылат

 

Бүгүн, 30-августта куудул Күмөндөр Абылов 59 жашка толуп, туулган күнүн жумуш үстүндө тосуп жатканын айтты.

"Бүгүн күндүз үйгө балдарым, неберелерим келип, жылуу сөздөрүн арнап, белек-бечкектерин тапшырып куттуктап кетишти. Андан сырткары социалдык тармактагы досторум да тынбай куттуктоо сөздөрүн арнап жатышат. Жыл сайын бул күндү үйдө балдар-кыздарым менен тоссом, быйыл жумуш үстүндө өткөрмөй болуп калдым.

Тактап айтканда, бүгүн кыргыз-казак айтышы болот эмеспи. Ошого мени калыс катары дайындашыптыр. Азыр чоң жоопкерчиликти моюнума алып, калыс чечим чыгарууга болгон аракетимди жумшоо алдында турам", - дейт куудул.

Белгилей кетсек, Абылов Күмөндөр Мукулович 1958-жылы 30-августта Нарын облусундагы Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырган. 1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр-институтунда "Театр жана кино актёру" бөлүмүндө сырттан окуган. 1993-жылы 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамын ыйгарышкан. 2000-жылдан тартып Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында актёр болуп эмгектене баштаган.

Маданият тармагындагы жемиштүү жетишкендиктери үчүн 1981-жылы "Жылдын мыкты актёру", 1984-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын "Ардак грамотасы", 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.
30-августка карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: