super.kg logo

Бишкекте Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата кыргыз-казак акындарынын айтышы өтүүдө

 

Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда төкмө акын Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата кыргыз-казак акындарынын айтышы өтүүдө.

Иш-чаранын башында маркум Тууганбай Абдиевдин басып өткөн жолу, сахнадагы таржымалы жөнүндө атайын тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле "Эл ырчысы Эстебес" тобу "Махабат дастаны" фильминдеги акын катышкан эпизоддорду аткарышты. Акын Аалы Туткучев Абдиев жөнүндө, анын акындык жолу туурасында төгүп ырдады.

Айтышка кыргыз акындарынан 8, казактардан 8 төкмө акын катышууда.

Белгилей кетсек, Тууганбай Абдиев Токтогул районунда 1937-жылы төрөлгөн. Ал 10 жашында комуз үйрөнүп өнөр артынан түшкөн. Кийинчерээк Жеңижок, Коргоол, Бекназар акындын ырларынан таасирленип чоңойгон. Ал төкмөлүк, дастан айтуу өнөрүн ондогон өлкөлөргө даңазалап келген. Акын 2008-жылы дүйнө салган.






Кыргыз-казак айтышы. 30.08.2017.

Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: