super.kg logo

Премьер-министр “Акылдуу шаар” долбоору Бишкекте жана Ошто октябрда ишке кире турганын айтты

 

Премьер-министр Сапар Исаков “Акылдуу шаар” пилоттук долбоору Бишкек жана Ош шаарларында октябрь айында ишке кире турганын бүгүн, 30-августта өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор “Таза коом” жана “Жаңы доорго кырк кадам” программаларынын негизги бөлүгү. "Жакын арада долбоор биринчи Бишкек шаарында ишке ашат. Андан соң Ош шаарынын мэриясы тажрыйба алышы керек", - деди Исаков.

Эске салсак, буга чейин өкмөттүн отурумунда Бишкектин мэри Албек Ибраимов пилоттук долбоору Бишкектин Чүй жана Манас кең көчөлөрүнө орнотуларын айткан. Ал Чүй кең көчөсүнө Турусбеков-Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишине чейин, ал эми Манас кең көчөсүндө Жибек Жолунан "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин боло турганын билдирген. “Акылдуу шаар” долбоору жол эрежелеринин сакталышын фото жана видеого түшүрүү системи аркылуу көзөмөлдөп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
30.08.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер толугураак маалымат берип койгулачы, кандай нарушенияларды карайт камера?
31.08.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tekecher, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.08.2017. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1 жыл жебесеңер бүткүл Кыргызстанга койсо болот . Анан штрафтын акчасын жей бергиле ыраазыбыз
30.08.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бардык нерсени октябрьга такап калыпсынар,жыл сайын шайлоо болгондо Кыргызстан давно онугуп кетмек
30.08.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жакшы болот Кудай буйруса,мисалы Казакстанда коопсуз шаар долбоору ишке киргенден баштап бир жылдык планды камералар бир айда он эселеп киреше алып келген эн жакшы корсоткуч болгон ,азыр камераларды он эселеп кобойтуп жатышат мурункудай бир дагы жол бузуу жок жол тартибин эн мыкты тартипке салып койду,мындай долбоор бизге ото чон пайда алып келет жана тартип темирдей бекем болот.
30.08.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эй ушуну пешеходко да койгула.өткөндө ошто президент келет деген күнү шаарда гаи кызматкерлер толуп турса да бир инамарка жаш мектеп окуучу кызды пешеходдон сүзүп кетейин деди.шаарда өзгөчө ошто өпкөсү жок жол эрежесин сактабаган айдоочулар көп!!!
30.08.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акылдуу шаардан мурун акылдуу президент шайлап алалычы, бироо жадатты го.
31.08.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыйратат, коробуз анысында..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: