super.kg logo

Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаеваларга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды

 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койгон.

Жарлыкка ылайык эстрада ырчылары Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаевага, Улуттук филармониянын алдындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун артисти Анапия Райымбековага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.

Ошондой эле бул наам "Учур" театрынын актёру Чыңгыз Мамаев, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын артисттери Нурматбек Полотов, Тилек Найманбаев, Елена Овчинниковага, Бишкек мэриясынын алдындагы "Доор" этно-фольклордук тобунун солисти Каныкей Раймалиевага ыйгарылды.

Сүрөтчү-живописчи, Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт улуттук академиясынын станок живописи кафедрасынын башчысы Сүйүтбек Төрөбековго “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” ардак наамы берилди.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен сыйлангандар:

Назира Аалы кызы - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият, тарых, тил” каналынын продюсери;

Эркинбек Болжуров - Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин фотографы; Алмагүл Бөлөкова - Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү;

Роза Жангарачева - “KORU” балдар студиясынын живопись жана сүрөт боюнча окутуучусу;

Берат Касмахунов - Чжэн Хэ атындагы Эл аралык маданий интеграция фондунун Башкармасынын төрагасы;

Кубандык Өмүров - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын көркөм коюу бөлүмүнүн башчысы;

Чолпон Орозобекова - журналист, Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелер боюнча талдоочу;

Владимир Пирогов - “Вечерний Бишкек” гезитинин фотокабарчысы;

Кубанычбек Таабалдиев - “Кабар” кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинин директору;

Инабат Усубалиева - Бишкек шаарынын №13-мектеп-лицейинин комузчулар ийриминин жетекчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(85)
31.08.2017. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сатыбеков кут болсун)))
31.08.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
men_aman, уура Г.Сатыбеков татыктуу! Анапия Райымбековага да мейли дейли. Самарага тим эле койбоптур да. Наам башынан эмес этегинен баштап берилип баштагангоо. Эртең Аяна Касымова да алса таң калбайм!
31.08.2017. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Самара эженин сахнага чыкканына беш алты эле жыл болду беле?
А тиги Мерген Турганга деле берип койбопсуңар.
Ал эми куудулдарга го бербей калдыңар. А то алар давно эле алыш керек болчу.
31.08.2017. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Asman..., Туура айтасын.
31.08.2017. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Менин номер биринчи кумирим Гулжигит Сатыбеков сыйлык кут болсун, ар дайым жакшы чыгармаларды чыгарып журо бериниз!
31.08.2017. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарынардын наамынар кут болсун
31.08.2017. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен презилент болсом Абдылда Разман Тынар Борончу Бек Борбиевке биринчи бермекмин
31.08.2017. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Сатыбеков татыктуу, калганы тааныш билиш болуп кетиптир
31.08.2017. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Гулжигит Сатыбеков наам алганга таттыктуу.Чын журоктон уй булобуздун атынан куттуктайбыз.Дагы дагы элдин журогуно жеткен ырларды жаратыныз.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: