super.kg logo
  Спорт  

Көчө футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз футболчулар Египет курамасын 6:1 эсебинде жеңип алды

 

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыздын кыздар курама командасы Египет менен беттешип жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева билдирди.

"30-августта Кыргыз курама командасы Египеттин футболчулары менен беттешип 6:1 эсебинде жеңип алды. Бүгүн, 31-августта Кыргыз курама командасы Венгрия жана Индия курамалары менен ойнойт", - деди Гүлбара Уматалиева.

Буга чейин 29-августта Кыргыз кыздар курама командасы Франциянын футболчулары менен беттешип 7:4 эсебинде жеңип алган.

Маалымдай кетсек, 2016-жылы Шотландияда өткөн кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 6 команданын ичинен 2-орунду ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.08.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсынар! Биз силер менен сыймыктанабыз!!!
31.08.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу Кыргыз элим баарыныздарды бугунку эгемендуулук майрамынар менен чын журоктон куттуктайм!!! Жашасын Кыргызстан, жашасын Кыргызстан элим!!! Спортсмендерди да куттуктайм!! Анан дагы косо эмес кечо болуп жазылат
31.08.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канча команда катышып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: