super.kg logo

XI эл аралык кыргыз-казак айтышында Асылбек Маратов менен казак акыны Мухтар Ниязов баш байгени жеңип алды

 
Баш байгенин ээси Асылбек Маратов
Баш байгенин ээси, казак акыны Мухтар Ниязов
1-орундун ээси Амантай Кутманалиев
Казак акыны Сара Токтомушова

Кыргыз элинин ак таңдай акыны, биринчи даражадагы "Манас" орденинин ээси Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата өткөн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында байге фонду 2 миллион сомду түзгөн XI эл аралык кыргыз-казак айтышы болуп өттү. Айтыштын биринчи күнү казактан келген 8 акын, кыргыздын 8 акыны менен элге жакшы маанай тартуулап, курч айтыш курушту. Акындар эки элдин достугун, улуу өнөрдүн ээси болгон Тууганбай Абдиевдин чыгармачылык жолун даңазалап ырдашты.

Кечени Идирис Айтбаев менен казак акыны Айбек Калиевдин кыргыз, түрк, англис, өзбек, казак тилинде курган айтышы өзгөчө шаңга бөлөп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Бирок азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан көк бөрү маселесин акындар дээрлик козгошкон жок. Эң акыркы болуп айтышкан акын Кадырбек Бейшенов гана өз ырында көк бөрү мелдеши жөнүндө кеп айтты. Жыйынтыгында Кадырбек Бейшенов төмөн упай топтоп, финалга чыкпай калды. Калыстардын бул чечими залдагылардын нааразычылыгын жаратты.

Айтыштын биринчи күнүнүн жыйынтыгында финалга кыргыздын төрт акыны Амантай Кутманалиев, Идирис Айтбаев, Болот Назаров жана Асылбек Маратов чыгышкан. Ал эми казак акындарынан Айбек Калиев, Сара Токтомушова, Мухтар Ниязов жана Рүстөм Кайыртай уулу финалга жолдомо алышкан.

Кечээ, 31-августта айтыштын финалдык бөлүгү өтүп, кечеге келген көрөрмандардын кулагынын моокумун кандырган мыкты айтыш болду. Бул айтышта сөз баккан, кеп кастарлаган эки элдин акындары сөздүн каймагын калпып, элге улуу өнөрдүн ээси болгон төкмө акындарыбыздан уучубуз куру эмес экендигин айгинелешти. Кош байге коюлган бул айтышта Акбар Рыскулов башында турган калыстар тобу берген баалар боюнча, акындар төмөндөгүдөй оорундарга ээ болушту:

баш байге: Асылбек Маратов, Мухтар Ниязов;

1-орун: Амантай Кутманалиев, Рүстөм Кайыртай уулу;

2-орун: Болот Назаров, Сара Токтомушова;

3-орун: Идирис Айтбаев, Айбек Калиев;

Мындан сырткары акындарга "Айтыш" коомдук фондунун атайын сыйлыктары ыйгарылды. Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлыкты Анар Жапаркулова, Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлыкты Изат Айдаркулова, Тууганбай Абдиев атындагы сыйлыкты Сара Токтомушова, Бексултан Жакиев атындагы сыйлыкты Азамат Болгонбаев алышты. Ошондой эле финалга чыгып, бирок байгелүү орун албай калган акындарга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
01.09.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сыйлыгынар кут болсун Куттуктайм!
01.09.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аалы акын эмнеге катышпай калды? Аалы акын болгондо кок бору жонундо кепки козгомок да. Супер Инфо Аалы акын тууралуу жаза кетсенер
01.09.2017. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali-han, саламатсызбы! Бул жактан окуңуз: https://www.super.kg/kabar/news/199173/
01.09.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер Инфо Аалы Туткучовдон интервью алгылачы, сураныч.
01.09.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janusia, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
01.09.2017. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аалы эмнеге катышкан жок? Элмирбек Иманалиевчи? Алап неге катышкан жок
01.09.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lion., саламатсызбы! Бул жактан окуңуз: https://www.super.kg/kabar/news/199173/
01.09.2017. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акыркы убакта Аалы акын,Женишбек акынды айтыштардан корбой калдык себеби эмнеде болду экен?
Айтыш коомдук фондунан четтетилдиби же саясий оюндун курмандыгы болуштубу ?
01.09.2017. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кадыстык жок болгондуктан катышпай атышатго . кичинеле чындыкты айтып койсо откозбой койушат экен.
01.09.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Буга чейин ар бир айтышка калтырбай барат элем. Себеби санжыраны санжырадай тарыхты тарыхтай учурдагы койгойду озгортпой токкон Аалы акындын айтышын коргум келчу. Азыр барсан айтышып жаткан акын дар баш аягы жок айтышат эмне деп жатканын деле билишпейт уйкашса болду урдура беришет.Чертип жаткан комуздары же таза куулоп чыгышпайт комузу башка уну башка жакта журот. Тогот экен деп эле чыгара бербей биртге контрольдоп коюшса жакшы болоор эле Аалы акын жонундо жазгылачы сураныч супер инфо кайда азыр
01.09.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muzykant, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
01.09.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыс болбоду
01.09.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтыш коомунун тен торагасы баш байгени алдыбы? Мафия....
01.09.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ маданиятын деле спортун деле саясатташып кеттиго, Аалы Женишбектерди ошон учун катыштырбады да кок боруну козгоп коюп Нуракеден соз укпайлы деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: