super.kg logo

"Дүйнөдөгү эң келишимдүү кылмышкер" атка конгон жарандын миллиардер айым менен болгон сүйүү мамилеси талкууга түштү

 
Жереми Микс үй-бүлөсү менен.
Жереми Микс менен Хлоя Грин

2014-жылы Жереми Микс түрмөдө отурган кезинде түшкөн сүрөтү аркылуу интернеттеги эң популярдуу адамга айланган. Ал курал-жаракты мыйзамсыз сактоо беренеси боюнча кармалып, эркинен ажыратылган. Калифорниялык полиция Жереминин сүрөтүн интернетке жүктөөр замат колдонуучулар аны эң сулуу кылмышкер деп табышкан.

2016-жылы абактан чыккандан кийин эле белгилүү White Cross Management моделдик агенттиги кылмышкерге модель болуп иштешүүнү сунуштаган эле.

Учурда "дүйнөдөгү эң келишимдүү кылмышкер" атка конгон Микстин миллиардер айым менен болгон сүйүү мамилеси кайрадан коомчулукта талкууланып жатат. Жакында эле Микстин мода дүйнөсүндөгү ири Topshop компаниясынын мураскери 26 жаштагы Хлоя Грин менен үйлөнөрү тууралуу сөз тараган.

Буга Жереми Микстин интернеттеги өздүк баракчасына Грин менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөнү негиз болгон. Жереми менен Хлоянын мамилеси тууралуу июль айында эле сөз боло баштаган. 30-августта Жереми жарыялаган сүрөттө колдонуучулар Хлоянын манжасындагы көздүү шакекти байкап, экөө жакында баш кошуп калышы мүмкүн деген божомолдорду айтып чыгышкан.

Жереми расмий никедеги аялы Мелисса Микс менен 8 жыл бирге жашаган. Ортолорунда үч бала бар. Ошого карабастан Жереми Микс аялы менен ажырашууга арыз берип, мүлкүн экиге бөлүүнү талап кылган. Ажырашуудан кийин Жереми Хлоя менен бирге түшкөн сүрөттөрүн Инстаграм баракчасына байма-бай жарыялай баштаган.

Хлоя Гриндин атасы Филлип Гриндин мүлкү 3,6 миллиард долларга барабар. Көпчүлүк Жереми Микс өзүнүн пайдасы үчүн гана миллиардердин кызы менен мамиле түзгөнүн айтып жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
31.08.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мынча туру суук
31.08.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
эмнеси жылдыздуу ?
31.08.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
тоже мне келишимдүү
31.08.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койгулачы ай кулкуну келтирбей
01.09.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Модель типтуу келишимдуу келбет, нам не понять мир моды ))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: