super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев: "Тарых музейи элдердин кызыгуусун арттыра тургандай болушу кажет"

 

Бүгүн, 23-майда президент Алмазбек Атамбаев Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев баш болгон Мамлекеттик тарых музейинин жаңы көрүнүшүн түзүүчү топ менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчысына аталган музейди оңдоо долбоору тааныштырылды. Үлгүнү карап жатып, Алмазбек Атамбаев архитекторлорго жана окумуштууларга жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле өлкө башчы бул жаңы экспозиция заманбап талаптарга жооп бериши керектигин белгилеп, өзүнүн сунуштарын айтты. “Чоң иш жүргүзүлүп жатат. Кыргыз эли бүтүндөй тарыхты билүүсү керек, ошондуктан бардыгын кандай болсо ошондой кылып көргөзүү керек. Тарых музейи элдердин кызыгуусун арттыра тургандай болушу кажет”,- деди президент. Жыйынтыгында президент Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевге долбоорду бүтүрүп, аны тааныштырууга алып чыгуу тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: