super.kg logo

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө

 
"Легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкулов

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата маданий иш-чарага адамдар чогулууда. Иш-чарага келген Кыргыз мамлекетинин Эгемендүүлүк күнү кабыл алынган учурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов элди майрамы менен куттуктады.

"31-август - бул кыргыз калкынын жаңы тарыхындагы, жаңы доорундагы өзгөчө күн болду. Ал күнү мен кыргыз калкынын өкүлү, президенти катары Жогорку Кеңеш менен бирге “Көз карандысыздык жөнүндөгү” декларацияны кабыл алдык. 26 жыл аралыгында өлкө башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрдү. Кыйынчылыктар бизге сабак болушу керек. Андан сабак алышыбыз керек", - деди журналисттерге Шеримкулов.

Президент Алмазбек Атамбаев сахнага чыгып, кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Андан соң майрам эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен уланууда.

Алмазбек Атамбаевдин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу

"Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.08.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балп етип койбосо екен дагы
31.08.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz.kg83,балп этбесе курсагы тойбой калат,кетееринде дагы бир балп десе керек ?1
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: