super.kg logo

MegaCom: 3 миллион сомдук баш байгенин ээси аныкталды!

 

Бишкек шаарынын тургуну Фарида Мамметова «Бактылуу SMS'тер» викторинасынын Мега байгеси - 3 000 000 сомдун ээси болду. Фарида викторинага катышкандар арасында активдүүлүгүн жана тапкычтыгын көрсөтө алды. Жеңүүчүнүн айтымында, жеңишке жетүүгө жалаң эле билими эмес чыдамкайлыгы дагы жардам берди.

"Мен ар түрдүү викториналарды жана баш катырмаларды жакшы көрөм. Ошондуктан мен "Бактылуу SMS'тер" викторинасына активдүү катыштым. Өткөн айда суроолорго күн сайын жооп бергем жана викторинага катышкандар рейтингинде бирде төртүнчү, бирде бешинчи орунда болгом. Менде оюнга кызыгуу жаралып, түнкү саат 12ге чейин ойнодум. Жыйынтыгында жеңишке жеттим.

Викторинанын жеңүүчүсү болгондугум жөнүндөгү SMS билдирүү келди. Расмий түрдө мага байланышка чыгып, 3 миллион сомдук байгени утуп алгандыгым жөнүндө айтышканда, бул мен үчүн күтүүсүз жаңылыктай болгон жана азыркы маалга чейин мунун баары реалдуу болуп жатканына ишене албай жатам. Бул катачылык болушу мүмкүн деп ойлогом. Ошондуктан ата-энемди капа кылбаш үчүн аларга дагы айта элек болчумун", - деп айта кетти жеңүүчүбүз.

Жеңүүчү кызга ири суммадагы сертификатты MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов тапшырды.

Фарида Мамметова буга чейин аны менен болгон айдын белеги ойнотулушуна катышкан дагы бир окуясы менен бөлүшө кетти:

"Анда мен викторинага катышуучулардын рейтингинде биринчи орунда болгом, бирок андан кийин жеңишке жеттим деген ойдо суроолорго жооп берүүмдү токтотком. Башка абонент менден алдыга чыгып кетип, iPhone 6S смартфонунун бактылуу ээси болгон. Ошондон кийин өз максатыма жетүү чечимин кабыл алгам".

"Бактылуу SMS'тер" викторинасынын жеңүүчүсү 7 жылдан бери MegaCom компаниясынын кызматтары менен колдонуп келет. Жеңүүчүбүз түйүн ичиндеги жана түйүндөн тышкары ыңгайлуу шарттардагы чалууларды сунуштаган «Хит» тарифтик планы менен колдонуп келет.

Жеңүүчүбүз утуп алган каражаттарды өзүнүн чакан бизнесине жумшоону пландап келет.

"MegaCom компаниясына викторинага катышуу мүмкүнчүлүк тартуулаганы үчүн жана өз билимимди сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн чоң рахмат. Өз билимиңизге ишениңиз жана эч качан кыйынчылыктар алдында токтобоңуз", - деген сөзү менен викторинанын жеңүүчүсү Фарида Мамметова бөлүшө кетти.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
31.08.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай бактылуу, куттуктайбыз!
31.08.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Оздорунун эле адамдары утту да. Кантип эле 3миллион сомду карапайым адам утуп алсын.
01.09.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ady-88, туура айтасын
01.09.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мегакомдо иштейт го бул кыз
01.09.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен да мегаком номеримди жандырып карап коюшум керек экен, мумкун 3000 же 30000 утсам деле боло берет эле.
01.09.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалган ишенбегиле ойнобогула бул кыз МегаКомдо иштейт и 3.миллион сомду утканда эмес жөн эле пиар реклама кылыш үчүн болбогон эле нерсе
01.09.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sardarakam,Эң туура кантип эле карапайым элге берип койсун 3млн
01.09.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
единиц жейт ошондо дагы эч нерсе утпайсынар ишенбегиле ойнобогула
01.09.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ойноштун кереги деле жок
08.09.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегакомдун рекламасы чындап уткан болсон окмотко процент толойсун болбогон акча тиет же сотко бересин алдады деп супер-инфого келип арманыны айтып кетесин.Калп болсо жомогунду токтот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: