super.kg logo
  Саясат  

"Ким шайлоодо 100 доллар берсе, ал өлкөдөн миллиондоп уурдайт" дейт президент

 

"Ким шайлоодо 100 доллар берсе, ал өлкөдөн миллиондоп уурдайт", - деди бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чарада президент Алмазбек Атамбаев.

"Жакында президенттик шайлоо болот. Айрым талапкерлер мурунку тартипти орнотууга даяр. Мурункудай болуп саясатчылар элдин эсебинен жашагысы келет. Алар Кыргыз Республикасын Айдар Акаев менен Максим Бакиевдей коммерциялык дүкөнгө айландыргысы келет. Азыркы учурда КСДПдан президенттикке талапкерди каралоо кампаниясы башталды. Алардын урааны: "Президент ким болсо ошол болсун, КСДПдан болбосун". Муну алар "КСДПдан талапкер президент Атамбаевдин ишин, коррупционер-саясатчылардан тазалоо улантылат" деп түшүндүрүшүүдө. Ошондуктан КСДПнын талапкерине каршы Убактылуу өкмөт, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, олигархтар, коррупционерлер жана алардын карамагындагы ММКлар биригип алышты", - деди Атамбаев.

Ошондой эле ал келерки президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын айтты. "Шайлоо участкасындагы кабинкада жалгыз болосуңар. Эч ким силерди аңдыбайт. Жүрөгүңөр каалаган адамды шайлагыла. Добушуңарды сатпагыла! Ким шайлоодо 100 доллар берсе, ал өлкөдөн миллиондоп уурдайт", - деп кайрылды шайлоочуларга президент.

Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: