super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Өлкөбүз өнүгүп, элибиз бейпил жашоодо жашашын каалайм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "31-август - Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!" деген темада форумчулар жалпы кыргыз элин бүгүнкү майрамы менен куттукташкан.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Баарыңарды бүгүнкү Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм. Өлкөбүз өнүгүп, элибиз бейпил жашоодо жашашын каалайм. Алтын Күн астындагы асыл өлкөм - Кыргызстан!"

"Урматтуу Кыргыз калкым! Баарыңыздарды бүгүнкү улуу Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Баарыбыз ушул бейиштей жерибизде ээн эркин, эч кимге, эч качан баш ийбей көз карандысыз мамлекет болуп күч-кубаттуу, бай, ошону менен бирге эне тилибизди, каада-салттарыбызды, кооз ыйык жерлерибизди сактап, кылымдарды карытып жашайлы! Желегибиз кылымдарды карытып, эркин, көз карандысыз желбирешин каалайм. Мен кыргыз болгонума сыймыктанам".

"Боз үйү түтүн булап түндүгүнөн, Боорсогу ак тасмалдан үзүлбөгөн. Комузу ар убакта күүгө келип, Кыргызым улуктугун түшүндүргөн. Жалдарын желпип жайлоо желдерине, Жылкылар оттоп жүрөт күрпүлдөгөн. Кымызы, майы, наны дайым болуп, Ырыскы күйүп турсун түндүгүнөн. Бар болсун Кыргыз элим! Кыргыз жерим! Эч качан үзүлбөсүн үмүтүнөн!

Мындай бактылуу күндөрдү ынтымакта, биргеликте көп-көп жылдар бирге тосолу".

"Эңсеп келген эзелтен, элим бүгүн эгемен. Ар бир Кыргыз жаранын Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Кыргыз элибиздин келечеги кең болсун. Стабилдүүлүк орноп, бейкут жашоо өз өкүмүн улантсын".

"Мындан бир нече жыл мурун канчалаган кыргыздардын кубанычына күбө болгон ушул күнү эгемен мамлекетке айланганбыз. Биз, кыргыздар, ар бирибиз эгемен мамлекетибиз менен сыймыктанууга акылуубуз. Аны өркүндөтүү жана өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Майрамыңар менен, кыргыз элим!"

Куттуктоолорго кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
 Кыстарылган аудио 

Темир Назаров "Өнүксүн өлкөм"

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
Медиа-портал
12.11.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy
Медиа-портал
12.11.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркекче ыр болуптур
Медиа-портал
12.11.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга КЫРГЫЗСТАНЫМ ,алга Темир
Медиа-портал
12.11.2014. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун! Дагы бир Темирдин атагын чыгарган ыр болуптур. Азамат!
Медиа-портал
13.11.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Патиротук ыр экен мага аябай жакты олком ар-дайым онуго берсин.Алга Темир Назаров!!!!!
Медиа-портал
14.11.2014. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун ыр!!!!
Медиа-портал
14.11.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын брат
Медиа-портал
14.11.2014. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Темирдин бул ырын гимн кылса да жарашат ээ замандаштар.
Медиа-портал
17.11.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун
Медиа-портал
19.10.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маани терен
Медиа-портал
27.05.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy yr eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: