super.kg logo

Бишкекте авто сүйүүчүлөр үчүн унаалардын көргөзмөсү өттү (фото)

 

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында Эгемендүүлүк майрамына карата авто сүйүүчүлөр үчүн өзгөчө унаалардын көргөзмөсү өттү. Калаанын "Жеңиш" аянтына унаа тюнинги менен алектенгендер япондордун дайхатсусунан тарта колдо чогултулган спорттук унаага чейин алып чыгышкан. Көргөзмөдө Формула-1 спортунда жарышка чыга турган унаалардын дал өзүндөй үлгүсүндө жасалган спорттук унаа шаардыктарды таңдантты.

Муну бишкектик Николай аттуу тургун чогултуп, мотоциклдин кыймылдаткычын орноткон. Анын дөңгөлөктөрүн чет өлкөдөн буйрутма менен алдырган. Ал эми кузовун жеңил материалдардан өзү калыпка салып жасап, калган тетиктерин ар кайсы үлгүдөгү унаалардан алып пайдаланган.

Көргөзмөгө ар кандай үлгүдөгү унаалардын 50гө жакын түрү коюлду. Анын ичинен өзгөчө жасалгаланган унаалардын сүрөттөрүн назарыңыздарга тартууладык.






Бишкекте экслюзивдүү унаалардын көргөзмөсү өттү

спорттук унаанын үнү көчөнү жаңыртты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
31.08.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18 - суротко анча тушунбодум
31.08.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
МАИ кызматкерин турушун карасаңар. Кантип штараф салсам не деп акча алсам дегендей карап турганын.
31.08.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ermekbai,ойунда 300км сатына келе жатса кармап алсам деп ойлонуп жатат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: