super.kg logo

Бишкекте аскер кызматкерлеринин балдары арасында "Барчын" аттуу фестиваль өтөт

 

1-июнь күнү саат 13:00дө Бишкектеги Мамлекеттик циркте өлкөдөгү аскер кызматкерлеринин балдары арасында "Барчын" аталыштагы фестиваль өтөт. Цирктин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиевдин айтымында, иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 7 жаштан 16 жашка чейинки 22 таланттуу бала тандалып алынып, алар цирк өнөрү, вокал, бий жана элдик фольклордо биринчилик үчүн жарышат. Учурда сынакка катышуучу балдар менен цирктин чебер кызматкерлери даярдык иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми баш байгени алган жаш талантка ноутбук ыйгарылмакчы. “Аскер кызматкерлеринин балдарын фестивалга катыштырып жатканыбыздын себеби, аскер кызматкерлери бизди коргоп жатат. Анан биз алардын балдарына колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ушул максатта фестивалды уюштуруп жатабыз,- дейт Тажиев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: