super.kg logo

Интернетке "Prada" кийген азезил" тасмасына кошулбай калган 1 мүнөттүк эпизод тарады

 

Журналист болууну кыялданган кыз жана “Подиум” журналынын башкы редактору Миранда Пристли жөнүндө тартылган "Prada" кийген азезил" тасмасын билбеген жан жок болсо керек. Фильмди алгач көргөндө көптөр Миранданы жек көрүшсө, жакында эле интернет тармагына тараган видеодон кийин алардын ойлору өзгөрүп калышы мүмкүн деп божомолдоого болот. Себеби тасмага кошулбай калган 1 мүнөттүк видеодон Миранданын жардамчысына алгачкы ирет ыраазычылык билдиргенин көрүүгө болот.

Эсиңизде болсо, тасмада Миранданын жардамчысы Эмили маанилүү кечелердин биринде ага жардам берип, келген коноктордун атын айтып турган. Дал ошол учурдун уландысында кечеге күтүүсүз келген Миранданын жолдошу жубайынын жетекчиси тууралуу орой сөздөрдү айтып баштап, ал жолдошун сыртка чыгарууга аракет кылат. Ал эми Миранданын жардамчысы Энди анын жетекчисин алаксытуу максатында четке тартып кеткендиги жана бул үчүн жардамчысына эч качан ыраазы болбогон Миранда биринчи жолу ага карап “рахмат” деп айтканы тартылган. Бирок эпизод эмне себептен тасмага кошулбай калганы тууралуу маалымат берилген эмес.






"Прада кийген азезил" тасмасынын үзүндүсү

"Прада кийген азезил" тасмасынан кыркылган кадр

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
31.08.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тушунуксуз!
31.08.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунуктуу эле...Кинону корсонор тушуносунор.Кино болсо"зынк"кино.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: