super.kg logo

Алгачкы жолу мектепке барган күн эсиңиздеби? Белгилүүлөр мектеп босогосун аттаган күнүн эстешти

 

Бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнү. Окуучулар кайрадан билим уясына барса, мектепти эчак аяктагандар аларды көрүп окуучулук кезин эстеген чыгар. SUPER.KG порталы белгилүү адамдардын биринчи жолу мектепке барган күнү кандай кызыктар менен коштолгондугун билди.

Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: "Атамдын моюнуна минип алып мектепке барчумун"

- Мектепке биринчи жолу барган күнүм азыркыга чейин эсимде. Ага чейин шым кийип алып, коңшулардын эркек балдары менен чүкө ойноп жүрчүмүн. Мектепке барасың деп эле форма, фартук кийгизе баштаганда кийбейм деп чыр салдым. Болбой эле мени кийиндирип атам мектепте мугалим болгондуктан ага кошуп жиберишти. Окууга кабыл алынгандан кийин мектептин короосунда жүрүп жыгылып кеттим. Ошондо эмнегедир "акай" деп кыйкырдым. Ошол 1-класстан тартып азыркыга чейин чочуганда "акай" демей адатым бар. Андыктан классташтар арасында мени "акай" деп жүрүшүп кийин "акаев" деген атка конгом. 1-классты аяктаганга чейин эле атам моюнуна мингизип алып мектепке алып барчу.

Кубик Калыков, куудул, обончу, аткаруучу: "Мектепке бара жатып жаңы кийимдерим менен арыкка түшүп кеткем"

- 1-класска алгачкы барган күнүм эстен кеткис окуя менен коштолгон. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Чоң-Курулуш айылындагы 3 класстык мектепке кабыл алынгам. Ата-энем алып келген жаңы шым, жаңы көйнөктү кийип алып мектепке барганды аябай күтүп жүрдүм. 1-сентябрь келгенде атамдын кошо барайын дегенине көнбөй балдар менен чогуу мектепке кеттим. Жанагы жаңы кийимдерди кийип алгам, бир карасам бут кийимимдин бир бурчу ылай болуп калыптыр. Арыктагы сууга тазалап алайын деп эңкейгенде бетиме Күн тийип турган. Азыркы күнгө чейин эле Күндү карасам чүчкүрө берем, ошондо да чүчкүрө коём деп арыкка башым менен кирип кеттим. Ошентип мектепке жетпей кайра үйгө барсам, апам эски кийимдерди кийгизип, атам атка учкаштырып алып кайрадан мектепке жеткирген.

Азиз Мурадиллаев, актёр: "Мугалимге дароо эле "окуйм" деп жооп бергем"

- Мен 1-класста 1-сентябрда Бишкек шаарындагы №5-орто мектепке баргам. Ал кезде азыркыдай санатып, тамга тааныйбы деп деле сурашчу эмес. Айтор менден "окуйсуңбу?" деп эле сурашкан. Мен дароо эле "окуйм" дегем. Ошентип биринчи мугалимим Сурмакан эжейдин классына кабыл алынгам.

Азиз Мурадиллаевдин апасы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева: "Азизди мектепке Чыңгыз Айтматов киргизген"

- Азизди кыргыз мектепке беребиз деп Бишкектеги №5-мектепке барсам өзүңөр жашаган райондогу мектепке баргыла деп кабыл албай койду. Бирок бизге жакын мектептерде окутуу орус тилинде жүргүзүлгөндүктөн болбой эле №5-мектепке бара бердим. Азиздин документтерине кошуп коңшу балдардын да документтерин алып алгам. Бир күнү ошол мектептен Чыңгыз Айтматов чыгып бара жатыптыр, көрсө кызын окууга берип жаткан экен. Ага абалымды айтсам колумдагы документтерди алып мектепке кирип кетти. Ошентип Азизге кошулуп, коңшуларыбыздын балдары да ошол мектепке кабыл алынып калган.

Айнура Салахидинова, ырчы: "1-жолу мектепке барганда мугалимдерге алфавитти билеримди айтып, санап бергем"

- 1991-жылы 1-сентябрда Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68-мектеп-гимназиясына 1-класска апам менен ээрчишип барганым бүгүнкү күнгө чейин эсимде. 1-класска барган окуучулар көп болгондуктан 1-"Е" класска чейин бөлүнгөнбүз. Мен 1-"Е" классында окугам. Барып эле мугалимдерге бала бакчадан алфавитти үйрөнгөнүмдү, санаганды билеримди айткам. 1-классты аяктап жатканда "Алиппе" майрамында "Н" тамгасы келип, нан жөнүндө ыр жаттаганым да эсимде.

Аваз Акимов, ырчы: "Боюмдун кыскалыгынан "А" класстан "Б" класска өткөрүп жиберишкен"

- Мен эжекемди ээрчип алып алгачкы жолу мектепке Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылдык орто мектебине баргам. Топтолгон балдарды "А", "Б" класстарына бөлүп жатышты. Мен "А" класска өткөм. Бир кезде эжей келип "Мынча кичинекей бала" деп мени айтты дагы, "Б" класстагы 2 кызга алмаштырып салды. Ошентип "Б" класста болуп калдым. "Б" класстын класс жетекчиси Шарапат эжей мени аяп, эң алдынкы партага отургузуп өзгөчө мамиле жасачу. "А" класска ыза болуп, таарынып калгандыктан түрдүү иш-чараларга активдүү катышып, жакшы окуп өзүмдүн классыма жеңиштерди алып келип жаттым. 3-классты аяктагандан кийин шаарга келе бергем.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
01.09.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анжелика жокго))
02.09.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kyrgyz_girl,капа болбо, ал эчак эле озу жалгыз эле эмес, кызы менен видиого тартылып койгон. Ансыз эч бир жанылык отпойт да.
01.09.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен бугун баламы мектепке алып бардым. Албетте мен дагы мектепке биринчи кадамымды эстеп убакыттын бат отконун байкадым
01.09.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Хаха да мен болсо мектепке бутумду чечип киргем.... анан эмне кылайын жалтырап эле дорожка салынып турса чечет го деп ойлодум да ..
02.09.2017. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа 1-класска барганга быйыл жыйырма торт жыл толуптур.кече кундогудой эстего.
02.09.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да бугун жалгыз кызымды 2-класска алып бардым Москвада 1-класска озум алып барбагангабы же бироонун эли,жери болгонгобу толкундандым,ыйладым озумо батпай,аттин заманыбыз жакшы болсо ушундай бугункудой мага окшоп нечен ата эне ичтен сызбайт эле,оз элибиз,жерибизде улуу Кыргыз атыбызды туу тутуп,Кыргыз гимнин ырдап Кыргызстанда болмокпуз
02.09.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ense1705,
02.09.2017. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кейидим,аргазызмын,биздин келечек муундарыбыз кечирсин бизди,ушцларды мажбурлап башка гииги ырдатып башка олкодо окутуп тарбия алууга ундоп атабвз
02.09.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх заман,Эххх Кыргызым бар бололу,мен сыймыктанам Кыргыз экениме
02.09.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 2 жолу баргам. 6 жашымда жашын жетпейт дегенине карабай кийим, сумка алдырып мектепке баргам. 1 ай окугандан кийин мамам коруп коеюн деп келип терезеден караганда сумкаларымды жыйнаштырып эч нерсене карабай, окубайм деп чыгып кетип ошо менен кийинки жылы баргам))
02.09.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кунду эч ким унутпаса керек мектеп босогосун аттап келечекке сапар алат,менин балам бугун колледжге барды абдан толкунданып жатты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: