super.kg logo

Бишкекте дүйнө элдеринин төртүнчү эл аралык эпос фестивалы өтөт

 

Бишкекте 4-сентябрдан 7-сентябрга чейин Дүйнө элдеринин төртүнчү эл аралык эпос фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фестивалдын алкагында эл аралык илимий-практикалык симпозиум, "Маданий ар түрдүүлүктүн парады", кыргыз боз үйүнүн мыкты салттуу жасалгасы боюнча сынак өткөрүлөт. Саамалыкка Азербайжан, Германия, Эквадор, Америка, Монголия, Түркия, Өзбекстан, Франция, Орусия Федерациясынан Башкортостан, Калмак, Алтай, Якутия, Тыва мамлекеттеринен белгилүү илимпоздор, этникалык жанрларды айтуучулар, дастанчылар, күүчүлөр, рун жана баллада аткаруучулары жана башка маданият өкүлдөрү катышат.

"Фестиваль Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын аянтында өтөт. Андагы түрдүү маданияттардын парадына индеец улутундагы Эквадордун жараны, белгилүү музыкант Лео Рохастын катышары күтүлүүдө", - деди министрликтин басма сөз катчысы Марлен Соляной.

Ал эми уюштуруу комитетинин мүчөсү, белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев: "Фестиваль манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Дүйнө элдеринин төртүнчү эл аралык фестивалын постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп Кыргыз мамлекети өткөрө баштаган. Иш-чара дүйнөлүк эпосторду сактап калууга, коргоого, жайылтууга көмөктөшөт. Анын алкагында боло турган симпозиумда эпос таануучулардын учурдагы маселелери жана чакырыктар тууралуу сөз болот", - деп билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейинки эл аралык эпос фестивалдары Кыргыз өлкөсүндө 2006, 2011, 2015-жылдары өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: