super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-СЕНТЯБРЬ: Ак таңдай акын Замирбек Үсөнбаев 66 жашка толду

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай акын Замирбек Үсөнбаев 66 жашка толду. Ал 1951-жылы 1-сентябрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген.

1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1968-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштей баштаган. 1991-жылдан баштап филармониядагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси болуп эмгектенип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда акындык өнөр боюнча сабак берген.

Атасы Алымкул Үсөнбаевдин жана апасы Назимдин таасиринен улам 12 жашынан баштап чыгармачылыкка аралаша баштаган. Чыгармачылыктын чыйыр жолунда белгилүү Эстебес Турсуналиев, Мундузбек Борончиев, Ашыраалы Айталиев жана Тууганбай Абдиев менен ырдап, шакирттерди тарбиялап, акындык өнөрдүн өнүгүшүнө жана жайылышына өзүнүн эбегейсиз салымын кошкон. Акын эл алдына алгач атасынын "Кыргыз элим" аттуу чыгармасын аткарып чыккан. Ошондой эле залкар Токтогулдун, Эшмамбеттин, Жеңижоктун ырларын, термелерин, айтыштарын аткарып келет.

1986-жылы "Замирбектин ырлары" аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн. Мындан сырткары акындын "Комузчуларга", "Улууларды эскерүү", "Жаштар жөнүндө терме", "Нан жөнүндө" сыяктуу чыгармалары элге кеңири жайылган. Акындын ырларына обон чыгарылып, көпчүлүктүн сүйүктүү ырларына айланган.

Замирбек Үсөнбаев "Кыргызстан Ленин комсомолу" сыйлыгынын лауреаты (1979), Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын дипломанты (1985). 1983-жылы ага "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти" деген наам берилген. Ага 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы ыйгарылып, 1997-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. 2001-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.

1-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: