super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ошто Курман айт намазына 15 миңге жакын адам катышты

 

Бүгүн, 1-сентябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Курман айт намазы окулду. Ага Өкмөт башчы Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана 15 миңге жакын шаар тургундары катышты.

Алгач Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев Курман айттын мааниси тууралуу баян жасады.

Премьер-министр өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан шаардыктарды майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

“Баарыңыздарды Курман айт майрамы менен куттуктайм. Улуу Жараткандын эң ыйык күндөрүнүн биринде жүз көрүшүп отурабыз. Бул күнү бардык араздашкандар жарашып, касташкандар достошо турган күн. Курман айт майрамы Кудайдын берекеси жааган күн экендиги айтылып келет. Ошондуктан баардыгыбыз айт намазын окуу менен бирге эле Жараткандан Кыргыз мамлекетине, анын ичинде Ош шаарына береке, тынчтык жана ынтымак тилейли”, - деди Исаков.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев бул ыйык күн кечиримдүүлүктүн, кубанычтын күнү экендигин билдирип, өлкөнүн тынчтыгын тиледи.

“Курман айт күнү бизге өмүр берген Жаратканга тобо кылып, шүгүрчүлүк келтирели. Майрамды жакындарыбыз менен бирге жаркын маанайда өткөрүп, колдоого муктаж жарандарыбызга көңүл бөлүп, маркумдарга куран окуп, дуба айталы. Курмандык чалып, кайрымдуулук, соопчулук иштерди жасайлы. Ылайым Алла Таала мекендештерибиздин кайрымдуулук иштерин кабыл кылсын! Ажылык сапарда жүргөн мекендештерибиздин көздөгөнү кабыл болуп, жергебизге аман-эсен кайтып келишсин”, - деди шаар мэри.

Андан соң жалпы Курман айт намазы окулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.09.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курман айт майрамыңыздар менен Кыргыз Элим.
01.09.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа Москвада канча миндей болду орточо?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: