super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Чала молдолорго жаш балдардын башын айлантуусуна жол бербешибиз керек”

 

Бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнүндө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылына курулган Сүймөнкул Чокморов атындагы жаңы мектептин ачылышына катышты. Өлкө башчысы улуу Курман айт майрамы 1-сентябрь билим күнүнө удаа келгенин негиз кылып, исламда да билим алуу биринчи орунга коюлганын айтты. Президент коомго коркунуч жаратып жаткан түрдүү диний агымдарды, жаштардын башын айлантуусуна жол бербеш керек экенин баса белгиледи.

“Балдар окуусун баарынан жогору коюшу керек. Мен муну эмнеге айтып жатам? Кээде көрүп жатам, биздин жаш балдарыбыздын башын айлантып, тияк-биякка чакырып жатышат. 2-3 күн мурун эле 4 жаш бала кармалды, экөө атылып жок кылынды. Казакстандын жарандары, биздин жарандар жап-жаш балдар. Чала молдолордун сөзүнө кирип баштары айланып калган да. Чала молдолор - дин бузарлар. Ошондуктан мен суранам, биринчи ирет балдарды окуталы”, - деди Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: