Австралияда кенгуруну союп салган кытайлык жаран 30 миң доллар айып төлөп, 2 жылга камалат
Австралияда кенгуруну союп салган кытайлык жаран кармалды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Кытайда интернетке уюлдук телефонго тартылган видео тараган. Видеодо эркек киши жарадар болгон кенгурунун моюнуна бир нече жолу бычак сайып, союп салган.
Кишинин бул аракеттерине кенгуру алгач кыйкырып, үн чыгарып каршылык көрсөткөнү менен туруштук бере алган эмес. Каардуу киши ага 19 жолу бычак сайган. Интернеттеги бул видеону көрүп ачууланган колдонуучулар Кытайдын жана Австралиянын полициясына кайрылышкан. Австралиянын тартип сакчылары жаныбарды мыкаачылык менен сойгон кишини кармашканда анын 43 жашта экендиги, көп жылдан бери Австралияда жашап, антиквариат буюмдарын сатуу менен алектене тургандыгы белгилүү болгон.
Австралиянын мыйзамдарына ылайык, кармалган жаранга жаныбарга карата мыкаачылык менен мамиле жасагандыгы үчүн 30 миң доллар айып салынып, 2 жылга камалат. Буга карабастан Кытайдын интернет колдонуучулары ага катуу жаза берүүнү суранып жатышкандыгы тууралуу жазылат чет элдик маалымат каражаттарында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2025-11-11
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(5)
Lekarstvosvoegomuja
02.09.2017. 10:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эми жарадар болуп турса кыйналбасын деп олтуруп салгандыр... ким билет
Best.bakyt
02.09.2017. 10:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кытайлар колго тийгендин баарын жечу эле. Союп алып жаш сорпо ичейин деген го сыягы.
kechirmeni
02.09.2017. 10:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бааааарын жеп, Кенгуруну да бир жеп коройун дептир да
OMURBEK.
02.09.2017. 11:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чубак аажы айткандай бул кытайын пойузду эле жебейт экен калган баарын жей берет экен дегендей кыздарыбыз кытайга тийбегиле деп какшап ыйлап айткан бир создору бар
magira
02.09.2017. 16:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ээ шумдугун кургур.Буддистер мусулмандарды кыйнап олтуруп атканда эч ким унчукпай жатат го.Анан эле каапырлардын чымыны олсо дагы соттойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















