Волейбол: “Жаш-Күч” командасы “Жаштык-Сузак” командасын 3:2 эсебинде утту
23-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркектер арасында волейбол боюнча өлкө чемпиондугунун Жогорку Лигасынын финалдык оюндары өттү. Анда Ош облусунун “Жаш-Күч” командасы менен Жалал-Абад облусунун “Жаштык-Сузак” командасы беттешип, 3:2 эсебинде оштук команда утуп кетти. Андан кийин Нарын облусунун “Теңир-Тоо” командасын Ош облусунун “Дархан” командасы 3:2 эсебинде жеңип алды. 24-майда саат 11:00дө “Теңир-Тоо” – “Жаш-Күч”, саат 12:30да “Чаткал” – “Жаштык” командалары беттешмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.