super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды

 

Бүгүн, 4-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартуу маселеси каралды. Себеп - Текебаев тарабынан жарандардан 30 миӊ кол топтоодо каржылык эреже бузулду деп кол топтоо баракчалары жокко чыгарылганы, БШКнын бул чечимин сот мыйзамдуу деп тапканы. Ошентип комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Текебаевди талапкер кылып каттоодон баш тартуу чечими чыкты.

Добуш берүүдө комиссиянын 9 мүчөсү (жыйынга катышпай, бирок добушун кесиптештерине тапшырып кеткендерин кошкондо) Текебаевди каттоодон баш тартуу боюнча жумушчу топтун сунушун колдоп, 3 мүчөсү каршы болушту. Каршы болгон БШК мүчөлөрү - Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары аны талапкер кылып каттоо үчүн 38 миң 642 жарандын колун топтоп тапшырган. Бирок БШК кол топтоодо каржылык эреже бузулганын негиз кылып, Текебаев тарабынан чогултулган баракчаларды жараксыз деп тапкан эле. "Ата Мекенчилер" БШКнын чечими мыйзамсыз экенин айтып сотко кайрылышкан.

Алгач Бишкектин райондор аралык соту БШКнын чечимин туура деп тапса, Жогорку Сот райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: