super.kg logo

Элмира Кайып кызынын мугалими: "Буулуккан булбулум ай, жаткан жериң жайлуу болсун"

 

Кыргыздын булбул үндүү ырчысы Элмира Кайып кызын акыркы сапарга узатуу зыйнатына маданият өкүлдөрү, анын талантын баалагандар чогулушту.

Ырчынын мектептеги мугалими Мурат Жетимишбаев: "Жараткандын ырайымсыз мыйзамы ишке ашып эки күн мурун Элмира Кайып кызы каза болду деген кабар жан дүйнөбүздү эзип чыкты. Кабыргабыз кайышып бүгүн Баткен, Ысык-Көлдөн бери келип кайгы тартып, ушул жерде отурабыз. Арманыбыз аттын башындай. Буулуккан булбулубуздун үнүн мындан ары уга албайбыз. Көл ак куусуз калды. Жети-Өгүз дагы бир талантынан ажырап, жетимсиреп турат. Ак-Теректе мындан ары Элмиранын шаңдуу күлкүсү угулбайт. Мындан ары көлдү жээктеп басып, мурункудай суктана албайт. Биздин чоң арманыбыз ушул. Биздин каниет кыла турганыбыз казак менен түрк эли барктап, баалап, сыйлыгын берип, сыймыгын берип кыргыздын кызы деп, кыргыздын желеги менен кошо желбиретип барктап-баалап келди. Арманыбыз ушул 20 жыл сахнада тынбай жүрсө да, өзүбүз көрө алган жокпуз ошону. Кечээ эле жарлык чыкты. Кечээ эле селкинчек ойноп жүргөн кыздар күркүрөгөн чоң сыйлыктарды алып жатат. Ич күйдүүлүк эмес, өкүнүчүбүз ушул, кыргыз эли барктай албады. Класстагы 10 баладан артык, эркек мүнөз, шайдоот кызыбыз эле. Тирүүсүндө барктай албагандан кийин көз жумганда айтканыбыз куру сөздүр. Буулуккан булбулум ай, жаткан жериң жайлуу болсун! Ысык-Көл эли сени менен сыймыктанып жүргөн, дагы да сыймыктана берет. Кош бол, кызым", - деп узатуу сапарына келгендерди жашытты.

Ошондой эле коомдук ишмерлерден Кубанычбек Исабеков, мурунку министр Алтынбек Максүтов, Султан Раев да сөз сүйлөп жаш акын Бердибек Жамгырчиев Кайып кызына арнаган ырын окуп берди.

Куудул Күмөндөр Абылов: "Элмиранын дүйнөдөн кайтканы абдан көп кишинин кабыргасын кайыштырып турат. Ал кыргыз элине аттын кашкасындай таанылып, булбул үнү менен кызмат кылды. Арийне Өкмөт тарабынан сыйлыктарга ээ болбогону менен анын үнү, ачык-айрымдыгы, адамгерчилиги, таланты элдин жүрөгүндө калды".

Ырчы Мерген Турган: "Эстрададагы эбегейсиз чоң бийиктиктеги ырчы эле. Кыргыз эли чоң жоготууга учурап жатат. Жаш кетти. Айла жок экен. Жакшы эне, дос, аял эле. Баарыбыз азыр кадырына ыйлап жатабыз. Бир да мамлекеттик сыйлык албай кетти. Айтарым Элмира талантты сүйгөндөрдүн, элдин эсинде калат. Анын диапазонундай үн жок эле", - деди.

Ошентип кыргыз элинин жүрөгүндө "Булбулум" ыры менен эсте калган ырчы 42 жаш курагында 2-сентябрда, Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Чоң-Арык көрүстөнүнө жерге берилди. Артында жолдошу жана 1 кызы калды.

Ырчынын алган наамдары, сыйлыктары:

2012-жылы Астана шаарында Түрк элдеринин маданияты боюнча иш-чарага катышкандыгы үчүн "Turksoy" уюмунан "Алкыш" алган.

2016-жылы 30-августта "Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу" наамы.

2016-жылы 19-октябрда Чек ара кызматынан II даражадагы "Мыкты чек арачы" төш белгиси.

2017-жылы Жети-Өгүздө өткөн Жапар Чабалдаевдин 85 жылдыгына арналган эл аралык конкурста баш байгени алган.

Айта кетсек, Ырчы Элмира Кайып кызы 1975-жылы 4-январь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Т.Сатылганов атындагы эстрадалык студияны жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.

Алгач Р.Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынар" деген ыры менен К.Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадада Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде" деген ыры менен таанылган. Элмира Кайып кызынын аткаруусундагы "Булбулум" аттуу чыгарма элге кеңири тараган. Ырчы акыркы мезгилдерде Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр жана бий ансамблинин насаатчысы болуп иштеп келген.






Ырчы Элмира Кайып кызын акыркы сапарга узатуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
02.09.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Туура кечээ эле чыгып эмгектери синип кетишти а булар болсо жыйырма жылдан ашуун сахнада журсо да бир наамды ыйгарышпады
02.09.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаткан жери жайлуу топурагы торлуу болсун.Аллахым Бейиштен орун берсин.Эмнеге ушул кызга эмгек синирген наам бербединер?!Кайдагы кэчее бироолордун ырын которуп же эски ырларды бурмалап бир эки ыр жазган артистерге наам берип жатасынар?!Алар силер учун эмгек синирди эл учун эч ким эмес!Бирок бар арасында эмгек синиргендер аларды эл билет.Эмгек синирген эл артистер наам албай жатышат.Балким булар наамды акчага сатып алып билмексен болуп биринчи угуп ишенбедим деп койушатпы?!Бирида татыксыз!Татыкту
Azatbek83 түзөттү 2017-09-02 15:46:13
02.09.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! абдан окунучтуу кандай керемет унунуз бар эле, жалгыз кызыныз бар экен ошонун мандайында таянычы болуп эрезеге жеткирип урмат-сыйын коруп мандайында болсонуз жакшы болбойт беле, ушундай пайдасынан башка эч кимге зыяны жок жакшы адамдардын эрте кеткени абдан окунучтуу.
02.09.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Булбулумду сиздин гана аткаруунузда суйуп угаар элем.ошол булбулдай буулугуп турам эжекеси. Аттин жаш өлбөс болсочу.
02.09.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булбулум жаткан жерин жайлуу болсун.
02.09.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жериң жайлуу,топурагың торко болсун булбул үндүү Элмира.Кош...((((
Медиа-портал
02.09.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жайы жаннатан болсун. Жаш, жаш кетти ((((((((
02.09.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
не болуп каза болуптур
03.09.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле Булбул элен Аллахым бейиштен орун берсин ырдаганда ойлонуп угуп калчу элем
03.09.2017. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жылт этип 1жыл талыкпай иштеп койсо эле сыйлык наам бере бербей ушундай салымын кошкон маданиятка бербейби.Элмира Кайып кызынын жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Канча жаш бергенин билсек кана кырктын кырынан эми ашканда учуп кете берди аттин
03.09.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сыйлык албаса да мейли, жашаса сонун болбойт беле
04.09.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edu_BoSS, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Далилсиз, жалган маалыматтарды жазууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
04.09.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adimyrza, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-04 10:09:10
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: