super.kg logo
  Саясат  

БШК Ахматбек Келдибековду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты

 

БШК Ахматбек Келдибековду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты. Себеп - Келдибековдун соттолгон деген статусунун жоюла электиги. Бул тууралуу 4-сентябрда БШКнын отурумунда маалымдалып, көпчүлүк добуш менен аны талапкер катары каттабоо чечими кабыл алынды.

Келдибеков президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргенден кийин Жогорку Сот анын "соттолгон" деген статусу жоюла электигин, шайлоого катыша албастыгын айтып билдирүү жасаган. Тагыраагы, быйыл 13-июнда Жогорку Сот Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында гана жоюларын маалымдаган. Сот тарабынан милдеттендирилген айып пулду Келдибеков 2016-жылы 8-ноябрда толугу менен төлөп бүткөнүн, мыйзамга ылайык "соттолгон" деген статус айып пул төлөнгөндөн кийин бир жылда жоюларын эскерткен.

Бирок Келдибеков өзү талапкер болушуна эч кандай мыйзамдык чектөө жок экенин айтып келген.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: