super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Курамы курут, сары майдан турган кыргыз жупка-куксиси. Бишкекте өтүп жаткан “Халал” жарманкесинен фоторепортаж

 

Бишкекте “Халал” индустриясынын 7-жарманкеси өтүүдө. Анда Кыргыз жеринде өндүрүлгөн адал азыктар коюлган. Жарманкеде кадимки "кукси" тамагы сыяктуу кыска убакытта даярдала турган курамында курут, сары май, жупка кошулган кыргыз даамы көптүн көңүлүн бурууда.

Бул “жупка” деп аталат. Эгер курамында сүзмө кошулганы болсо анда аны сактоо бир айга чейин эле мүмкүн болот. Ал эми кургатылган курут менен жасалган түрү бар. Аны 3 айга чейин сактоого болот. Бул экологиялык жактан таза, пайдалуу, тез даяр болуучу тамак”, - деди жарманкенин катышуучуларынын бири Азамат Айдаркулов.

Эт, бал, сүт азыктарынан кызыктуу фигуралар жасалып коюлган жарманке 1-2-3-сентябрь күндөрү Бишкекте өтөт. Бул демилгечилер тарабынан Курман айт майрамына карата уюштурулган.

Биз быйыл адал жарманкесин 7-жолу уюштуруп жатабыз. Бул, албетте, өндүрүшчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы мамиленин түзүлүшүнө жол ачат. Мурда адал, арам дегенде этти гана түшүнчү элек. Эми керектөөдөгү башка азык-түлүктөрдү да, адал же адал эмес деп айырмалай баштадык. Бул адамдардын адал азыктарга болгон сабаттуулугун арттырат деп ойлойм. Биздин максат жергиликтүү таза азыктарды эл аралык деңгээлге алып чыгып, экспортко чыгаруу. Биздеги азыктар экологиялык жактан таза, сапаттуу болгону менен аны кайра иштетүү жагы жакшы эмес. Ошондуктан биздин азык-түлүктөр эл аралык рынокто ордун таба элек. Бул жарманкенин 7 жылдан бери салттуу уюштурулуп келе жатышы, биздин өлкөнүн рыногунда адал азыктардын туруктуу орду бар экенин көрсөтөт”, - деди “Халал” индустриясынын башкы директору Мыктыбек Арстанбек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(7)
02.09.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар Ишинерге Ийгилик
02.09.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ушул куксини чыгарганга мурунтан ойлонуп журчумун мен чыгаралбасамда башкасы чыгарды колдойм бул баардык жагынан таза пайдалуу тамак азаматсынар оркундой бергиле куксиге караганда 1000 эсе пайдалууда эми бир кул азыкты чыгарсак мыкты болмок жакшы билген бироо болсо
02.09.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бирок даамы жакпады жупканын! лучше корейский рамен жакшы!
02.09.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жупка тамагы канча турат экен? Билгендер болсо жазып койгулачы баасын?
02.09.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жупка сатыка чыгыптырбы, башка региондордо да? Кызык болуп жатат жеп коруш керек экен.
03.09.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жупка сонун да, чон апам раматылык жасап берчу, чабаты деп казанга бышырып алып камырды, кайнак сууга курутту эзип чабатыны туурап сары майдан салып, шорпо сыяктуу жасап берчу, эртеден кечке ток кармайт, журо берчубуз курсак ачпай, жупка сатыкка чыкса сонун болмок.
05.09.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдон жасаган жупкага жетпесе керек..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: