super.kg logo

Эне сүтү оозунан кете элек кезинде олуттуу ролдорду аткарган кино жылдыздары

 

1. Натали Портман - "Леон"

Белгилүү америкалык актриса Натали Портман алгачкы ирет "Леон" аттуу криминалдуу тасмада роль жараткан. Анда ал 13 жашта болчу. Фильмде актриса Матильда аттуу кыздын образын жараткан. Баш каармандын үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүп кетишкенде ал кошунасы - профессионалдуу киллердин үйүнө көчүп барып, андан адамдарды өлтүрүүнү үйрөтүүсүн суранат. Кичинекей актриса бул кинодо тамеки чегип, киши өлтүрүп, тапанчаны өз башына такаганга чейин барган.

2. Брук Шилдс - "Жакшынакай бала"("Прелестное дитя"), "Көгүлтүр көл" ("Голубая лагуна")

Брук Шилдс 12 жашында "Жакшынакай бала" ("Прелестное дитя") фильминде сойкунун кызынын ролун аткарган. Эки жылдан кийин актриса "Көгүлтүр көл" ("Голубая лагуна") тасмасына тартылган. Фильмде башкы каарман кеме кырсыгынан кийин өзү менен тең бала менен эл жашабаган аралга түшүп калат. Көп өтпөй экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып, балалуу болушат.

3. Линда Блэр - "Шайтанды кубалаган адам" ("Изгоняющий дьявола")

Бул тасма коркунучтуу кинолордун катарына кирет. Линда Блэр ага 13 жашында тартылып, ичине шайтан кирип кеткен кыздын образын жараткан. Ошондой эле тартуу иштери учурунда жаракат алган.

4. Маколей Калкин - "Жакшы уул" ("Хороший сын")

"Үйдө жалгыз" тасмасынын жылдызы Маколей Калкин (Кевин) "Жакшы уул" ("Хороший сын") фильминде психикалык жактан оорулуу, ташбоор баланын ролун аткарат.

5. Тора Бёрч - "Америкадагыдай сулуулук" ("Красота по-американски")

Тора Бёрч аталган тасмага 16 жашында тартылып, өзүнүн уктоочу бөлмөсүндө терезенин жанында туруп алып чечинген. Жашы жете элек болгондуктан тартуу иштерине анын ата-энеси дагы катышкан.

6. Хлоя Грейс Морец - "Аммитвиллдин коркунучу" ("Ужас Амитивилля")

Хлоя Грейс Морец хоррор жанрындагы бул фильмге 7 жашында тартылып, арбак менен достошкон кыздын образын жараткан. Кыздын психикасына зыян келтирбеш үчүн аны тасманын бет ачарына катыштырышкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
02.09.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
биздикилерден Гулнур Асанова болсо керек
03.09.2017. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gulzat91,,ии ошол
03.09.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulzat91,точна, мен эсимде тааныгандан бери зордолгон кыздын ролун ойнойт
03.09.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пустой дом деген кинодогу кыз дагы жаш ойногон...
03.09.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бизден Азамат бар апасын издеген
03.09.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир Сариев. Атадан калган туяк
03.09.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак кемедеги Нургазы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: