"Жаныш Бакиев “Манас” аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборуна келди" деген маалыматты аталган борбор четке какты
Түркиянын "Turkie Time" маалыматтык сайты 16-майда Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев “Манас” аэропортунда жайгашкан АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборуна жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараткан. “Ал жерде Жаныш Бакиев Ооганстанда жайгашкан Өзбекстан ислам кыймылынын айрым лидерлери менен жолугушат”,- деп жазылган маалыматта. Аталган борбор 23-майда бул маалыматты четке какты. “Turkie Time” сайты-экстремисттик маанайдагы сайт. Бул маалыматтын баары жалган. Мындай маалымат таратуу менен алар эмнени көздөп жаткандыгы тууралуу эч кандай пикир айта албайбыз”,- деп билдирди аталган борбордун маалымат кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

