super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-СЕНТЯБРЬ: Белгилүү актриса Сальма Хайек 51 жашка толду

 

Белгилүү актриса, режиссёр, продюсер Сальма Хайек 51 жашка толду. Ал 1966-жылы 2-сентябрда Мексиканын Веракруc штатындагы Коацакоалькос шаарында туулган.

Сальма Хайектин атасы мунай-зат компаниясын башкарса, апасы ырчы болгон. Бардар үй-бүлөдө тарбияланган кыз 12 жашында Луизиана штатындагы кыздар үчүн католиктер мектебине барат. Өзүнүн жүрүм-турумуна байланыштуу эки жылдан кийин кайра Мексикага кайтып келет. Анын алган билими мектепти ийгиликтүү аяктоого шарт түзгөнү менен, Сальма колледжге окууга өтпөй калган.

Кийинчерээк институтка тапшырып, аны да таштап салган. Жыйынтыгында ал жогорку билим алган эмес. Бир нече чакан театрларда иштеп жүргөндө аны теледе иштегендер байкап калышкан. Алгач жарнамалык роликтерге тартылып жүрүп, 1988-жылы "Жаңы таң" аталышындагы тасмада роль жараткан.

1989-жылы биринчи жолу 23 жашында "Тереза" тасмасында башкы ролду ойногон. Андан соң "Кереметтер аллеясы" тасмасына тартылып Мексикадагы башкы кино сыйлыкка татыктуу болгон.

1995-жылы Антонио Бандерас менен биргеликте "Отчаянный" аттуу фильмге тартылган. Латын-америкалык эң ийгиликтүү актриса аталган Сальма Хайек "Жалгыз жүрөктөр", "Бандит кыздар", "Бир жолу Мексикада", "Тыңчылардын балдары 3: Оюн бүттү", "Күүгүмдөн таң атканга чейин", "Жапайы, жапайы батыш", "Далилсиз жобо" сыяктуу 30дан ашуун тасмада роль жараткан.

2000-жылы Сальма Хайек "Траффик" аттуу тасмага тартылат. Ошол эле мезгилде "Ventanarosa" продюсердик компаниясын негиздеп, продюсерлик менен алектене баштайт. 2002-жылы чыккан "Фрида" фильминде башкы ролду аткарып, тасманын продюсерлеринин бири болгон. Бул ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

2006-жылы сентябрда Сальма Хайек дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө көрсөтүлгөн "Сүйкүмсүз Бетти" (Ugly Betty) телесериалынын аткаруучу продюсери болот.

Сальма Хайек аткаруучу продюсер болгон

Хайек мода дүйнөсүндө ишкерлик менен алектенген Франсуа-Анри Пиного турмушка чыгып, 2007-жылы кыздуу болушкан. Ал "Los Vega" тобу менен ырдаган "La Bruja" аттуу ыры "Фрида" тасмасынын саундтреги болгон. Андан сырткары "Бир жолу Мексикада" тасмасындагы "Siente mi amor" саундтрек дагы Хайектин эмгеги болуп саналат. 2005-жылы 11-декабрда Осло шаарында "Нобель" сыйлыгын тапшыруу аземинде Жулианна Мур экөө алып баруучулукту аркалашкан. Хайек англис, испан, араб, португалия тилдерин билет.

2-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.09.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уууух горячая девка да бул салима мексиканка кинолору жакшы.
03.09.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кашы мн козу эле отдельный темаго. Пенелопа Круз экоосун кээде ажырыта албай калчумун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: