super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр "Центерра Голд" компаниясы “Кумтөр” келишими боюнча салыктын жаңы түрүнүн шарттары менен макул болбогондугун айтты

 

"Центерра Голд" компаниясы “Кумтөр” долбоору боюнча салыктын жаңы түрүнүн шарттары менен макул болгон жок". Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ЖКнын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, аталган компания өзүнүн сунушун айткан. “Биз азыр ал чечимдин үстүнөн иштеп жатабыз, чечим кабыл алына элек",- деди өкмөт башчы. Ошондой эле премьер-министр "Центерранын" директорлор кеңешиндеги мүчөлөр Канада жана Кыргызстан тараптан бирдей шайланары тууралуу чечим кабыл алынгандыгын айтты. Директорлор кеңешинин төрагасы жыл сайын алмашып турат. Сүйлөшүүлөр узакка созулуп калды, бирок “Кумтөрдүн” иштөөсү бир күнгө да токтогон жок,- деди Сатыбалдиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: