super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-СЕНТЯБРЬ: Алты жүздөн ашык обондордун автору Жумамүдүн Шералиев туулган

 

Обончу Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Ат-Башы өрөөнүнүн Туюк-Богошту айылында туулган. Он үч, он төрт жаш курагында комузга, ырга болгон ышкысы артат. 1933-1935-жылдар аралыгында «Созулма», «Түшүмдө», «Сүйгөн жарга», «Сүйүү ыры» аттуу обондуу ырларды жараткан. 1936-жылы жаңыдан уюшулган кыргыз филармониясында солист болуп иштеген. Эл аспаптар оркестринде альт-комузда ойноп, оркестрдин коштоосунда ырдап, аткаруучулук чеберчилигин арттырат. Музыкалык сабактан сабат алып, нотаны үйрөнөт.

Ал Ат-Башы райком комсомолунда, райаткомдо катчы, филармонияда солист, Республикалык радио уктуруу комитетинде редактор, Нарын шаардык Маданият үйүндө көркөм жетекчи, Нарын музыкалык драма театрынын музыка бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген. Жалпысынан 600дөн ашуун ар кыл жанрдагы ырларга обон жараткан. Белгилүүлөрү: "Бактылуу жаштык", "Кыргызстан", "Нарын вальсы", "Жибек чач", "Жаш чабан", "Сулуу кыз" ж.б. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге "Кыргыз Эл артисти наамы" ыйгарылган. Мындан тышкары Ардак Белгиси ордени жана башка медалдар менен сыйланган. Атактуу обончу жөнүндө китеп да жазылган.

Жумамүдүн Шералиев 1994-жылы 15-мартта 79 жашында оорудан улам көз жумган.
3-сентябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: