super.kg logo

Аида Чоткараева: "Аалам сулуусу-2017" сынагынын уюштуруучулары мендеги табигый сулуулуктун өзү жеңиш үчүн жетиштүү экенин айтышты"

 

"Аалам сулуусу-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн барып, "Сүрөткө мыкты түшкөн сулуу" наамына ээ болгон Аида Чоткараева SUPER.KG порталына сезимдери менен бөлүштү.

Ал өлкөнүн намысын жетиштүү деңгээлде, болгон аракетин жумшап коргогондугун, атаандаштарынын баары күчтүү экенин белгиледи.

"Мен абдан кубанып жатам, сынакка 85ке жакын катышуучу келген. Ошонун ичинен алдынкы 25 сулуунун катарына кирүү оңой болгон жок. Алдынкы 25 сулуунун ичине Казакстан, Орусия, Түндүк Америка же дагы башка өлкөлөр эмес Кыргыз өлкөсү кирди. Бул жакка дүйнөнүн булуң-бурчунан көптөгөн колдоочу, жардамчы, продюсер, стилисттери менен келген 60 өлкөнүн сулууларын артта калтырдым. Дүйнөлүк деңгээлдеги сынакта менин атымды жана менин өлкөмдүн атын айтканда абдан толкундандым. Сынакка даярданып жатканда мени колдогон адамдар болгон жок. Жумушум, жаш балам, үйдө аялдык милдеттерим бар экендигине карабай кызуу даярдык көрдүм. Ачыгын айтсам, Түштүк Африка Республикасы мени абдан колдоду, мындай колдоону күткөн эмесмин. Кыргыз өлкөсүнөн бул жакта эч ким жок болгону менен, алар мени кол чабуу менен жылуу тосуп алып жатты. Бул мага дем берди", - дейт модель.

Аида Чоткараеванын айтымында, буга чейин сынакка анын катышары тууралуу интернеттеги социалдык тармактарда талкуу болгон. Анда көпчүлүк интернет колдонуучулар ага ишеним артпай, жакшы натыйжа көрсөтө албайт деген пикирлерин калтырышкан.

"Мен бул ийгиликке жалгыз өзүм жетиштим, эч кимден эч нерсе сураган жокмун. Сынакка келип катышуу үчүн жумшалган каражатты өзүмдүн чөнтөгүмдөн короттум. Көйнөктөрдү эч ким Кыргыз мамлекетинин атынан бара жатасың деп акысыз берген жок, ижарага алдым. Башкасын айтпай эле коёюн, бизге жакынкы Казакстандан келген сулууну канча адам коштоп жүрөт, Казакстан ага жакшы колдоо көрсөтүп жатат. Ага дизайнерлер бүт кийимди тартуу кылышкан", - дейт Чоткараева.

Мындан тышкары Түштүк Африкага барган күнү моделдин саламаттыгында көйгөй жаралган. Мындай абалда өзүнүн күчүн, ажарын жетиштүү деңгээлде көрсөтө албай калам деп чочулап, сынактан баш тартууну туура көргөн.

"Уюштуруучулар менин мындай чечимимди четке кагышты. Алар "сенде табигый сулуулук бар экен. Жакшылап боёнуп, жасанууга ден соолугуң мүмкүнчүлүк бербей жатса чочулаба, сенин өзүңдүн сулуулугуң жетиштүү" дешти. Бул сөздөр өзүмө болгон ишенимди жогорулатты. Уюштуруучуларга жана "Аалам сулуусу-2017" сынагына катышууга мени сунуштаган Рыскүл Намазбековага ыраазычылык билдирем", - деп кошумчалады ал.

Айта кетсек, Түштүк Африканын Дурбан шаарында 28-августта башталган "Аалам сулуусу-2017" эл аралык сынагына 24 жаштан 50 жашка чейинки үй-бүлөлүү айымдар катышкан.

Аида Чоткараева учурда үй-бүлөлүү, 1 уулдун апасы. Ал "Сулуулар жана миллион", "Ашыктык асманы", "Браво" тасмаларында роль жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
03.09.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аида азаматсын!!!Сендей сулуу,акылдуу кыздарыбыз коп болсун.Алга Кыргызстан
03.09.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец ишине ийгилик уй булоно тынчтык жана бекем ден соолук
03.09.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Колдоо көрсөтүп коюшса болмок.Азамат ийгилик каайлайм.
03.09.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
imanberdi98,колдоп койсо асылып турчу жери тушуп калат биздин чондорду
Ruslan4458 түзөттү 2017-09-03 20:26:16
03.09.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Фигура нормально экен
03.09.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Syn4y,Туура анча мынча кыздан сулуу экен
03.09.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мен бул ийгилике жалгыз озум жетиштим...дебестен Кудай колдоп мен бул ийгилике жетиштим..деп айтса болмок!
Сулуулукту беруучу да жана алуучу да жалгыз Аллах!
03.09.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу сулуулар сынагы деген эменер тойгозду, бекерчилердин иши, денесин ачып жыланачтанып, ар эркектин алдында басат аты бери, койго окшоп жамбашын чайкап. Андан коро уйундо отур куйооно, сулуусун и так эле, баланды караап.
03.09.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сулуу экен!!!
03.09.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец жарайсын!!
03.09.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Инстада кандай болуп кирет бул
03.09.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бизге эмне мунун конкурска катышкан-катышпаганы. эч ким колдогон жок деп жаман догурунуптур го. катышса озу учун катышат да.мамлекет сулуулар конкурсуна колдоо эмес, андан маанилуу нерселерди кыла албай отурса.
04.09.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын сулууу кыз, ар айта берсин оозуга киргенин,ошол жазган адам озунун чонтогунон акча коротуп Кыргызстандын атын таанытып, Кызгыз элинде ушундай сулуу кыз келиндерибиз бар экенин корсоталбай отуруп алып жаза беришет,Рахмат сага карындашым
04.09.2017. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу барбы
04.09.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhykyo,бар
04.09.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2 кыздын башы бириккен жерде эле сулуулар конкурсу экен го эми
06.09.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сени кузгу колдосо керек. Кузгу кузгу дуйнодо ким сулуу десен "сен"-десе керек.
Албетте сени Аллах колдоду. Бул нерсени эч унутпаныз сулуу кыз..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: