СУПЕРСТАН: "Маданият ишмерлерине наамдар негиздүү берилип жатабы?"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эмгек сиңирген артист" наамына ким татыктуу?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жогоруда айтылгандай, азыр эмгеги сиңбей эле министрликке акчасы сиңгендер алып калышпадыбы. Чындап эмгеги сиңип, эл үчүн кызмат кылган артисттерибизди бул дүйнөдөн өткөндөн кийин гана эскеришет го бизде".
"Ой, айланып, тегеренейиндер, жок дегенде бир грамм ойлонуп, анан жазгылачы. Кечээ эле төрт ырды ырдап чыкса эле наам берилбейт. Наам силерге, эмне, базарда сатылчу товар беле? Бери дегенде 20 жылга жакын элге кызмат кылыш керек, маданиятка салым кошуш керек. Ырлары элдин калың катмарына сиңиш керек. Кыргыздын атын алыска угузуп, желегин бийик көтөрүш керек. Тантыраган "дыкс-дыкс" ырларды азайтып, маанилүү, сапаттуу ырларды жаратыш керек. Ошондо гана наам берилет. Эл артисти наамын алгандардын ырларын эстегилечи, жашынан карысына чейин билсе, билбесе кыңылдап ырдайт. Ал эми азыркы жаңы ырларды ырдамак турсун, жарытып угушпайт. Угушса да бир ай угат, анан болду, көңүлдөн калат, анан барып унутулат".
"Улуу муундагылар бул жакта калып эле, жаштар алып коюп жатышат чындыгында. Бирок ал наамдарды алуу үчүн Маданият министрлигине атайын кат жолдош керек, башкача айтканда, наамга жетүү үчүн өзү аракет кылыш керек. Жогорудагы аты аталгандардын өздөрүнүн аракети жок окшойт сыягы".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
-2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Мени баарынан да тан калдырганы наам алган адамдар оздору кантип алып атышат беттери чыдап
Бирок, Маданият министри болуп туруп жаш балдар,кыздар-келинчектерге наам бергени жакпады.
Анан да Самара Каримованы Оштогу Сулайман Тоодогу музейге директор кылып койгонунан кийин Казаковду сыйлабай да калдым.
Балдарыбызды тарбиялайлы,ким болсон да адамсын,башкалардай эле деп.Азыркы жетекчилер жакпайт,тууган-тааныш,патхалим деген онукту.
Менин ойумча мурда наам алдыга жылдырса,азыркылардыкы артка тартат.Себеби татыктуу эмес.Коросунор,келечекте ким бат которулсо,бат эле ылдый тушот.
Ал кундорго деле аз калды.
Кыскасы озунун баркынды кетирдин